Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Колоссянам 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    2:1 Силер үчүн, лаодикеялыктар үчүн жана мени көрбөгөндөрдүн бардыгы үчүн кандай күрөшүп жатканымды билишиңерди каалайм:

    2:2 бул алардын жүрөгүн тынчтандырып, сүйүү менен бириктирсин. Кудай Атанын жана Машайактын сырын билүү үчүн, жеткилең түшүнүктүн бардык байлыгына эү болушуңарды каалайм.

    2:3 Машайакта акылмандыктын жана билимдин бүт кенчи жашырылган.

    2:4 Мен муну силерге үч ким силерди бал тилге салып, алдап кетпеши үчүн айтып жатам.

    2:5 Анткени өзүм араңарда болбосом да, рухум менен силердин араңардамын. Силердин Машайакка болгон ишенимиңердин бекемдигин жана тартибиңерди көрүп кубанып жатам.

    Машайактын ичиндеги толуктук

    2:6 Теңирибиз Машайак Ыйсаны кандай кабыл алсаңар, Анын ичинде ошондой жашай бергиле.

    2:7 өзүңөргө эйрөтүлгөндөй, Анын ичинде тамырлагыла, бекемделгиле, ишенимиңер бекемделсин, ыраазычылыгыңар артсын.

    2:8 Сак болгула, бир туугандар: үч ким силерди адамдык окутууга жана дүйнөнүн түшүнүктөрүнө негизделген философия менен, жалган түшүнүктөр менен адаштырбасын, анткени булар Машайактын окутуусу эмес.

    2:9 Анткени Машайакта Кудайдын табияты толугу менен жашайт,

    2:10 Анын ичинде силер да толуктукка эүсиңер. Ал – бардык башчылыктын жана бийликтин башчысы.

    2:11 Силер Машайактын ичинде сүннөткө отургузулгансыңар. Бул – адамдын колу менен кылынбаган, күнөөкөр табиятты чечип таштаган Машайактын сүннөтү.

    2:12 Силер сууга чөмүлдүрүлгөндө, Аны менен бирге көргө коюлгансыңар, Аны өлгөндөрдүн арасынан тирилткен Кудайдын күчүнө ишенүү аркылуу Аны менен бирге тирилдиңер.

    2:13 Кылмыштарыңардын жана денеңердин сүннөткө отургузулбагандыгынын айынан өлүк болгон силерди да Кудай Аны менен бирге тирилтти, биздин бардык күнөөлөрүбүздү кечирди.

    2:14 Ал бизди айыптаган көрсөтмөлөрдөн турган кол жазманы, бизге каршы жазылган кол жазманы, өчүрүп салды. Ал аны алардын арасынан алып, айкаш жыгачка кадоо менен четтетти.

    2:15 Ал башчыларды жана бийликтегилерди куралсыздандырып, аларды ачык түрдө уятка калтырды, аларды айкаш жыгачта жеңип чыкты.

    2:16 Ошондуктан үч ким силерди тамак үчүн, же суусундук үчүн, же кандайдыр бир майрам үчүн, же жаңырган ай үчүн, же ишемби күн үчүн айыптабасын.

    2:17 Анткени булар – келечектегинин көлөкөсү, дене болсо Машайактыкы.

    2:18 үч ким силерди жалган момундугу жана периштелерге табынуусу менен азгырбасын. Мындай адамдар өздөрү көрбөгөн нерселерге кызыгышат, Баш менен бирикпей, өздөрүнүн адамдык акылы менен курулай эле текеберденишет.

    2:19 Бүт дене болсо муундар жана булчуңдар аркылуу Баш менен биригет да, бекемделип, Кудай берген өсүш менен өсөт.

    2:20 үгерде силер дүйнөнүн табигый негиздери үчүн Машайак менен бирге өлсөңөр, анда эмне үчүн бул дүйнөдө жашоочулар сыяктуу:

    2:21 «Муну кармаба», «Аны жебе», «Буга тийбе» деген сыяктуу эрежелерди сактап жатасыңар?

    2:22 Мунун бардыгы пайдаланылып жок боло турган нерселерге тиешелүү. Бул эрежелердин бардыгы – адамдардын буйруктары жана окутуусу.

    2:23 өз алдынча динчилдик, момундук жана денени кыйноо акылмандык болуп көрүнгөнү менен, күнөөкөр табиятты гана канааттандырат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск