Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Колоссянам 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    үлчинин саламдашуусу

    1:1 Кудайдын каалоосу менен Ыйса Машайактын элчиси болгон мен – Пабылдан жана бир тууганыбыз Тиметейден

    1:2 Машайак Ыйсага ишенген Колосадагы ыйык жана ишенимдүү бир туугандарга салам! Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

    Пабылдын ыраазычылык келтирүүсү

    1:3 Силер үчүн дайыма сыйынып, Кудайга, Теңирибиз Ыйса Машайактын Атасына, ыраазычылык билдирип жатабыз.

    1:4 Анткени силердин Машайак Ыйсага болгон ишенимиңер жана бардык ыйыктарга болгон сүйүэңөр жөнүндө укканбыз.

    1:5 Ишенимиңер менен сүйүэңөр асманда өзүңөр үчүн даярдалган нерсеге болгон эмүтүңөргө негизделген. Ал жөнүндө силер мурун эле чындык сөзүнөн – Жакшы Кабардан уккансыңар.

    1:6 Бүт дүйнөгө тараган ошол Жакшы Кабар силерге да жеткен. Силер Кудайдын ырайымын угуп, аны чыны менен таанып билген күндөн тартып, Жакшы Кабар силердин араңарда да жемиш берип, өсүп жатат.

    1:7 Силер сүйүктүү кызматташыбыз эпафрастан эйрөнгөнсүңөр, ал – силер үчүн Машайактын ишенимдүү кызматчысы.

    1:8 Рухтун шыктандыруусу менен көрсөтүп жаткан сүйүэңөр жөнүндө да ал бизге айткан.

    Пабылдын колосалыктар үчүн сыйынуусу

    1:9 Биз бул жөнүндө уккан күндөн тартып, силер үчүн эзгүлтүксүз сыйынып, Анын каалоосун акылмандуулук жана рухий түшүнүк менен толук таанып билишсин деп,

    1:10 Ага бардык жагынан жагып, бардык иште жакшы жемиш берип, Кудайды таанып билүүсү өсүп,

    1:11 Анын даңкынын кубатынын бардык күчү менен бекемделип, бардык нерседе туруктуулукту жана чыдамдуулукту кубаныч менен көрсөтүп,

    1:12 бизди жарыктагы ыйыктардын мурасына элүштөш болууга татыктуу кылган Кудай Атага ыраазычылык билдирип, Кудайга татыктуу жашашсын деп суранып жатабыз.

    1:13 Ал бизди караңгылыктын бийлигинен куткарып, сүйүктүү Уулунун падышачылыгына алып кирди.

    1:14 Биз Анын сүйүктүү Уулу аркылуу, Уулунун каны аркылуу куткарылдык жана күнөөлөрүбүз кечирилди.

    Машайактын даңкы

    1:15 Ал – көрүнбөс Кудайдын бейнеси, үч нерсе жаратыла электе эле Ал бар болгон.

    1:16 Анткени асмандагы жана жердеги көрүнгөн жана көрүнбөгөн бардык нерселер: тактылар да, үстөмдүк кылуучулар да, башкаруучулар да, бийликтегилер да Ал аркылуу жаратылган, бардык нерсе Ал аркылуу жана Ал үчүн жаратылган.

    1:17 Ал бардык нерседен мурун бар болчу жана бардык нерсе Ал аркылуу бар болуп турат.

    1:18 Ал – өзүнүн Денеси болуп эсептелген Жыйындын башчысы. Ал – бардыгынын башталышы, бардык нерседе биринчи болуш үчүн, Ал өлгөндөрдүн арасынан биринчи болуп тирилген.

    1:19 Анткени Кудай Анда бүт толуктуктун жашашын,

    1:20 Анын айкаш жыгачта төгүлгөн каны аркылуу тынчтык орнотуп, жердегинин, асмандагынын баарын Ал аркылуу өзү менен элдештирүүнү туура көрдү.

    1:21 Жаман ойлоруңардын жана жаман иштериңердин айынан бир кезде Кудайга бөтөн жана душман болгон силерди да

    1:22 Кудай Анын денеси, өлүмү аркылуу өзү менен элдештирди. Ал силерди өзүнүн алдында ыйык, кемчиликсиз жана айыпсыз кылып тургузуу үчүн ушундай кылды.

    1:23 үгерде силер ишенимге негизделип, бекем турсаңар жана өзүңөр уккан Жакшы Кабар берген эмүттөн тайбасаңар гана ушундай болот. Мен, Пабыл, асман астындагы бардык жаратылгандарга жарыяланган ушул Жакшы Кабарды тараткан кызматчы болуп калдым.

    Пабылдын Жыйында кызмат кылуусу

    1:24 Анын Денеси болгон Жыйын үчүн Машайактын жетишпеген азап тартуусун өзүмдүн денемде силер үчүн азап чегүү менен толуктап жатканыма кубанам.

    1:25 Кудайдын берген тапшырмасы боюнча ошол Жыйындын кызматчысы болуп калдым. Кудайдын Сөзү аткарылышы үчүн, мага бул тапшырма силер үчүн ишеним менен тапшырылган.

    1:26 Кудайдын Сөзү, кылымдан кылымга, муундан муунга жашыруун болуп келген сыр, азыр Анын ыйыктарына ачылып берилди.

    1:27 Кудай бул жашыруун сырдын даңктуу байлыгы бутпарастар үчүн кандай экендигин ыйыктарга ачып берүүнү каалады. Сырдын мааниси даңктуу эмүт болгон Машайактын силердин ичиңерде жашагандыгында.

    1:28 Ар бир адамга акыл айтып, ар бир адамды акылмандык менен эйрөтүп, ар бир адамды Машайак аркылуу Кудай алдына жеткилең кылып алып келүү үчүн, Машайак жөнүндө жар салып жатабыз.

    1:29 Ошондуктан Анын мендеги кудуреттүү күчү менен жан эрөп эмгектенип да, күрөшүп да жатам.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск