Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Филиппийцам 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Акыркы насаат

    4:1 Ошентип, мен сүйгөн жана сагынган бир туугандар, силер менин кубанычым жана таажымсыңар, Теңир жолунда бекем тургула, сүйүктүүлөрүм.

    4:2 үйдиядан жана Синтихеден өтүнөрүм, Теңир жолунда оюңар бир болсун.

    4:3 Жан досум, сенден да өтүнөм, бул аялдарга жардам бер. Анткени алар мени менен, Килемес менен жана ысымдары өмүр китебине жазылган башка кызматташтарым менен бирге Жакшы Кабар таратуу ишине катышышты.

    4:4 Ар дайым Теңир менен кубангыла, дагы да айтам: кубангыла.

    4:5 Силердин момундугуңар бардык адамдарга маалым болсун, Теңир жакын.

    4:6 үч нерсе тууралуу кам санабагыла, ар дайым сыйынганда жана жалынганда, каалооңорду ыраазычылык билдирүү менен Кудайга айткыла.

    4:7 Ошондо Кудайдын акыл жеткис тынчтыгы силердин жүрөгүңөрдү жана ойлоруңарды Машайак Ыйса аркылуу сактайт.

    4:8 Ошентип, бир туугандарым, эмне чындык, эмне туура, эмне адилеттүү, эмне таза болсо, эмне адептүүлүккө жатса, эмне мактоого арзырлык болсо, ошол жөнүндө ойлогула.

    4:9 Менден эмнени эйрөнсөңөр, эмнени кабыл алсаңар, эмнени уксаңар, эмнени көрсөңөр, ошону аткаргыла. Ошондо тынчтыктын булагы болгон Кудай силер менен болот.

    үлчинин ыраазычылык билдирүүсү

    4:10 Мага кайрадан кам көрө баштаганыңар үчүн, Теңир менен абдан кубандым. Буга чейин деле мага кам көрүүнү ойлочусуңар, бирок ишке ашырууга ыңгайы келбей жүргөн.

    4:11 Муну муктаж болгонумдан улам айтып жаткан жокмун, себеби болгонуна ыраазы болууга эйрөнгөм:

    4:12 жокчулукта да, молчулукта да жашай алам. Мен бардыгына эйрөнгөм: ачкачылыкка да, токчулукка да, барга да, жокко да көнгөм.

    4:13 Мага күч-кубат берген Ыйса Машайак аркылуу бардыгын кыла алам.

    4:14 Бирок менин кайгыма ортоктош болгонуңар жакшы болду.

    4:15 Филипиликтер, өзүңөр билесиңер, Жакшы Кабар таратыла баштаганда, Македониядан кеткенимде, жардам жиберүү жана кабыл алуу ишинде силерден башка үч бир Жыйын мага көмөктөшкөн жок.

    4:16 Тесалоникада жүргөндө муктаж болгонумда, силер мага бир нече ирет жардам жөнөттүңөр.

    4:17 Силерден жардам эмүт этип жаткан жокмун. Силердин пайдаңар үчүн көбөйүп жаткан жемишти каалап жатам.

    4:18 Мен бардыгын алдым, менде бардыгы бар. эпафродит аркылуу берип жибергендериңерди алдым. Ал тартууларыңар – Кудайга жаккан жыпар жыттуу, жагымдуу курмандыктар.

    4:19 Менин Кудайым силердин бардык кем-карчыңарды Машайак Ыйса аркылуу өзүнүн даңктуу байлыгы менен толуктайт.

    4:20 Кудай Атабыз кылымдан кылымга даңкталсын! Оомийин.

    үлчинин коштошуусу

    4:21 Машайак Ыйсага ишенген ар бир ыйыкка салам айткыла. Менин жанымдагы бир туугандардын баары силерге салам айтып жатышат.

    4:22 Бардык ыйыктар, айрыкча падыша сарайындагылар силерге салам айтып жатышат.

    4:23 Баарыңарга Теңирибиз Ыйса Машайак ырайымын төгө берсин! Оомийин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск