Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Филиппийцам 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Чыныгы адилдик

    3:1 Акырында айтарым, бир туугандарым, Теңир менен кубангыла. Муну кайталап жазуу мен үчүн оор эмес, силер үчүн болсо пайдалуу.

    3:2 Иттерден сактангыла, жамандык кылуучулардан сактангыла, жалган сүннөттөн сактангыла.

    3:3 Анткени чыныгы сүннөт бизбиз, себеби Кудайдын Руху менен кызмат кылгандарданбыз, Машайак Ыйса менен мактангандарданбыз, денеге таянгандардан эмеспиз.

    3:4 Дегинкиси, денеме таянууга менде негиз бар. эгерде кимдир бирөө денесине таянам дей турган болсо, анда мен денеме ага караганда көбүрөөк таяна алам.

    3:5 Сегизинчи күнү сүннөткө отургузулгамын, Ысрайыл тукумунун Бенжемин уруусунанмын, эврейден чыккан эвреймин, окутуу боюнча фарисеймин,

    3:6 кызганчаактык жагынан Жыйынды куугунтуктоочумун, мыйзамдын негизиндеги адилеттик боюнча кемчиликсизмин.

    3:7 Бирок Машайак үчүн өзүмдүн артыкчылыктарымды пайдасыз деп эсептедим.

    3:8 Теңирим Машайак Ыйсаны таанып билүү артыкчылыгы үчүн башка нерсенин баарын пайдасыз деп эсептейм. Ал үчүн баарынан баш тарттым, Машайакка эү болуу үчүн,

    3:9 мыйзамдан келген өз адилдигим менен эмес, Машайакка болгон ишеним аркылуу, ишенимдин негизинде Кудайдан келген адилдик менен, Ал аркылуу адил деп табылышым үчүн,

    3:10 Аны жана Аны тирилткен күчтү таанып билиш үчүн, Анын тарткан азаптарына ортоктош болуш үчүн, Ага окшоп өлүп,

    3:11 өлгөндөр менен бирге тирилиш үчүн, баарын таштанды деп эсептейм.

    Жеткилеңдикке умтулуу

    3:12 Мен мунун баарына жеттим же жеткилең болдум дебейм. Бирок Машайак Ыйса мага жеткен сыяктуу, мен да жетүүгө аракет кылам.

    3:13 Бир туугандар, мен өзүмдү жеттим деп ойлобойм. Болгону, арттагыны унутуп, алдыга умтулам.

    3:14 Максатыма – Кудайдын Машайак Ыйса аркылуу бере турган жогорку сыйлыгына умтулуп жатам.

    3:15 Ошентип, арабызда ким жеткилең болсо, ушундай ой жүгүртсүн. эмне жөнүндө башкача ой жүгүртүп жатсаңар, ошону Кудай силерге ачып берет.

    3:16 үмнеге жеткен болсок, ошого жараша ой жүгүртүп, ошого ылайык жашайлы.

    3:17 Бир туугандар, менден элгү алгыла. Бизден алган элгү боюнча жашап жаткандарды карагыла.

    3:18 Анткени Машайактын айкаш жыгачынын душмандары катары жашагандар көп. Алар жөнүндө мен силерге мурун да көп айткам, азыр да көз жаш менен айтып жатам.

    3:19 Алардын акыры – өлүм, алардын кудайы – курсак, алар уятсыз иштери менен мактанышат, алар жердеги жөнүндө ойлошот.

    3:20 Ал эми биздин мекенибиз асманда. Асмандан Куткаруучубузду – Теңирибиз Ыйса Машайакты күтүп жатабыз.

    3:21 Ал өзүнүн бардыгын багындыра ала турган кудуреттүү күчү менен биздин даңкынан ажыраган денебизди өзгөртүп, өзүнүн даңктуу денесиндей кылат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск