Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Филиппийцам 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Ыйсага ишенгендердин момундугу жана Ыйсанын момундугу

    2:1 Ошентип, эгерде силерде Машайактан келген кандайдыр бир сооронуу, кандайдыр бир сүйүү кубанычы, Рух менен болгон кандайдыр бир баарлашуу, кандайдыр бир кайрымдуулук жана боорукердик бар болсо,

    2:2 анда мени кубанткыла: бир ойго, ошол эле сүйүүгө эү болгула, ынтымактуу жана бир пикирдүү болгула.

    2:3 үч бир нерсени атаандаштык жана көйрөңдүк менен кылбагыла, тескерисинче, момундук менен башкаларды өзүңөрдөн жогору санагыла.

    2:4 Ар кимиң өзүңдү гана эмес, өзгөнү да ойло.

    2:5 Анткени силердин ой жүгүртүэңөр Машайак Ыйсаныкындай болушу керек.

    2:6 Ал Кудайдын бейнеси болгонуна карабастан, өзүнүн Кудай менен теңдигин олжо деп эсептеген жок.

    2:7 Бирок кул кейпин кийип, адамга окшош болуп, сырткы көрүнүшү боюнча адамдай болуп, өзүн өзү басынтты.

    2:8 өлгөнгө чейин, айкаш жыгачта өлгөнгө чейин тил алчаак болуп, өзүн басынтты.

    2:9 Ошондуктан Кудай Аны жогорулатып, Ага бардык ысымдардан жогору ысым берди.

    2:10 Ыйсанын ысымынын алдында асмандагылардын, жердегилердин жана жер түпкүрүндөгүлөрдүн баары тизе бүгүшү үчүн,

    2:11 «Ыйса Машайак – Теңир, Кудай Атанын даңкы» деп, ар бир тил ачык таанышы үчүн ушундай кылды.

    Жаныңардын куткарылышы үчүн кам көргүлө

    2:12 Ошентип, менин сүйүктүүлөрүм, араңарда болгонумда гана эмес, айрыкча, азыр араңарда жок болгонумда да, дайыма тил алчаак болгонуңардай эле, куткарылууңарды коркуу жана титирөө менен жүзөгө ашыргыла.

    2:13 Анткени Кудай силердеги тилекти да, аракетти да өзүнүн жакшы ниети боюнча жаратат.

    2:14-15 Бул дүйнөдө жылдыздай жаркырап турушуңар үчүн, кежир, бузулган бул муундун арасында Кудайдын таза, кемчиликсиз, кемтиксиз уулдары болушуңар үчүн, бардыгын наалыбастан, шектенбестен кылгыла.

    2:16 Бекерге чуркап, эмгегим текке кетпей, Машайактын күнүндө силер менен сыймыктангыдай болушум үчүн, өмүр сөзүн бекем туткула.

    2:17 Ишеним кызматыңар жана курмандыгыңар үчүн курмандык боло турган болсом, мен кубанам, баарыңар менен бирге кубанам.

    2:18 Буга силер да кубангыла, мени менен бирге кубангыла.

    Тиметей жана эпафродит

    2:19 Силердин ал-абалыңарды билип, көңүлүм тынчыш үчүн, жакында силерге Тиметейди жиберем деп, Ыйса Теңирден эмүттөнөм.

    2:20 Анткени силер үчүн чындап кам көргөн андан башка үч кимим жок.

    2:21 Анткени баары тең эле Ыйса Машайакка жакканды эмес, өздөрүнө жакканды көздөшөт.

    2:22 Анын ишенимдүү экенин билесиңер. Анткени Жакшы Кабар таратуу ишинде ал мага уулу атасына кызмат кылгандай кызмат кылды.

    2:23 Менин эмне болорум белгилүү болор замат аны силерге жөнөтөм деген эмүтүм бар.

    2:24 Жакында өзүм да барып калам деп, Теңирге бекем ишенем.

    2:25 Мени менен бирге иштеген, бирге күрөшкөн, муктаж болуп турганымда жардамчы болгон, өзүңөр жиберген бир тууганыбыз эпафродитти силерге кайра жиберүүнү зарыл деп таптым.

    2:26 Анткени ал баарыңарды абдан сагынды, өзүнүн ооруп калганы тууралуу силердин да кабардар болгонуңарга аябай тынчсызданды.

    2:27 Чынында эле, ал катуу ооруп, өлүм алдында жаткан эле. Бирок Кудай ага ырайым кылды, ага гана эмес, кайгыма кайгы кошулбашы үчүн, мага да ырайым кылды.

    2:28 Аны кайра көрүп кубанышыңар үчүн, өзүм да бир аз кубанып калышым үчүн, аны силерге жиберүүгө шаштым.

    2:29 Аны Теңирдин урматына кубаныч менен кабыл алгыла, мындай адамдарды сыйлагыла.

    2:30 Силерди жоктотпой, мага кызмат кылуу үчүн, ал өз өмүрүн тобокелге салды. Машайактын иши үчүн өлүмгө да баш байлады.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск