Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Филиппийцам 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    үлчинин саламдашуусу

    1:1 Филипидеги Жыйын башчылары жана диакондор менен бирге эле Машайак Ыйсанын бардык ыйыктарына Машайак Ыйсанын кулдары Пабыл менен Тиметейден салам!

    1:2 Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин!

    Пабылдын ыраазычылык билдирүүсү жана сыйынуусу

    1:3 Силерди үстеген сайын, Кудайыма ыраазычылык билдирем.

    1:4 Сыйынган сайын, баарыңар үчүн ар дайым кубаныч менен сыйынам.

    1:5 Себеби силер биринчи күндөн тартып азыркыга чейин Жакшы Кабар таратуу ишинде бизге кызматташ болуп келе жатасыңар.

    1:6 Силерде баштаган жакшы ишин Кудай Ыйса Машайактын күнүнө чейин аягына чыгарарына бекем ишенем.

    1:7 Баарыңар жөнүндө мен ушундай ойлоого тийишмин. Силер ар дайым менин жүрөгүмдөсүңөр, анткени кишенде жүргөнүмдө болобу, Жакшы Кабарды коргоп, бекемдеп жатканымда болобу, баарыңар мени менен бирге ырайымга шериктешсиңер.

    1:8 Баарыңарды Ыйса Машайактын сүйүүсү менен сүйөрүмө Кудай күбө.

    1:9 Силердин сүйүэңөр таанып билүү жана ар кандай сезимталдык жагынан өсө бериши үчүн сыйынам.

    1:10 эң жакшысын ажырата билип, Машайактын күнүндө таза жана кемчиликсиз болушуңар үчүн,

    1:11 Кудай даңкталышы жана макталышы үчүн, Ыйса Машайак аркылуу адилдиктин жемишине артыгы менен эү болушуңар үчүн сыйынам.

    Машайак – мен үчүн өмүр

    1:12 Бир туугандар, мен туш болгон жагдайлар Жакшы Кабар таратылышы үчүн жакшы шарт түзүп бергенин билишиңерди каалайм.

    1:13 Машайак үчүн кишенделгеним падыша сарайынын бардык сакчыларына жана башкаларга маалым болду.

    1:14 Менин кишендерим Теңир жолундагы бир туугандардын көбүнө дем берди. Алар Кудай Сөзүн кайраттуулук менен, коркпостон тарата башташты.

    1:15 Ырас, күү бирөөлөрү Машайак жөнүндө таза ниет менен, күү бирөөлөрү ичи тардык жана атаандаштык менен жар салып жатышат.

    1:16 Жакшы Кабарды коргоо мага дайындалганын билишип, күү бирөөлөрү сүйүү менен жар салып жатышат.

    1:17 Дагы бирөөлөрү болсо туткунда жаткан мага азап тарттыруу үчүн, Машайак жөнүндө таза ниет менен эмес, атаандаштык менен жар салып жатышат.

    1:18 Анткорлонуп болобу же чын жүрөктөн болобу, кандай болсо да, Машайак жөнүндө жар салып жатышат. Мен буга кубанам жана кубана бермекчимин.

    1:19 Анткени силердин сыйынууңар жана Теңир Ыйсанын Рухунун колдоосу менин кутулуума шарт түзөрүн билем.

    1:20 үч нерседе уятка калбайм деп бекем ишенем жана эмүттөнөм. Машайак менин денем аркылуу ар дайым даңкталып келгендей, мындан ары да, жашасам да, өлсөм да даңкталат деп, кайраттуулук менен айта алам.

    1:21 Мен үчүн өмүр – Машайак, ал эми өлүм – утуп алуу.

    1:22 үгерде жердеги жашоом эзүрлүү эмгек менен коштолуп жатса, анда кайсынысын тандап алууну билбейм.

    1:23 Мен тигинисине да, мунусуна да тартылам. Бул дүйнөдөн кетип, Машайак менен бирге болгум келет, анткени бул эң жакшы.

    1:24 Бирок калганым силер үчүн пайдалуу.

    1:25 Ишеним жолунда ийгиликке жетип, кубанычка эү болушуңар үчүн, каларымды жана баарыңар менен бирге болорумду жакшы билем.

    1:26 Ошентип, силерге экинчи ирет барганымда, мен аркылуу Машайак Ыйсаны көбүрөөк мактай аласыңар.

    1:27 Бирок Машайактын Жакшы Кабарына татыктуу жашагыла. Барып, силерди көрсөм да, силерден алыс жүрсөм да, силер тууралуу «Жакшы Кабар таратылышы үчүн бир ой, бир тилек менен бардык күч-аракетин жумшап жатышат» деген сөздү уккандай болоюн.

    1:28 Силерге каршы чыккан адамдардан үч коркпогула. Бул – алар үчүн өлүмдүн, ал эми силер үчүн куткарылуунун белгиси, бул Кудайдан.

    1:29 Анткени силерге Машайакка ишенүү гана эмес, Ал үчүн азап чегүү артыкчылыгы да берилген.

    1:30 Мындай күрөштү мурун менин жашоомдон көргөн болсоңор, азыр угуп жатасыңар.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск