Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Ефесянам 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Балдар жана ата-энелер

    6:1 Балдар, ата-энеңерге баш ийгиле, бул Теңирге жагат, анткени ушундай кылганыңар туура.

    6:2 «Ата-энеңди сыйла» деген осуят – убадалуу осуяттардын биринчиси:

    6:3 «Сага жакшы болушу үчүн жана жер үстүндө өмүрүң узак болушу үчүн, ата-энеңди сыйла».

    6:4 Аталар, силер да балдарыңарды кыжырдантпагыла, аларды Теңирдин эйрөтүүсү жана акыл-насааты менен тарбиялагыла.

    Кулдар жана кожоюндар

    6:5 Кулдар, кожоюнуңарга Машайакка баш ийгендей, чын жүрөктөн, коркунуч жана титирөө менен баш ийгиле.

    6:6 Бирок адамдарга жагынуучуларга окшоп көзгө көрүнүш үчүн баш ийбегиле, тескерисинче, Машайактын кулдары катары Кудайдын эркин чын жүрөктөн аткарып,

    6:7 адамдарга эмес, Теңирге кызмат кылгандай, тырышчаактык менен кызмат кылып баш ийгиле.

    6:8 Анткени кул болобу, эркин адам болобу, ар ким өзүнүн кылган жакшы ишине жараша Теңирден тиешесин аларын билесиңер.

    6:9 Кожоюндар, силер да кулдарыңарга катаал мамиле жасабагыла, анткени алардын да, силердин да үстүңөрдө, асманда Кожоюнуңар бар экендигин, Анда бет карамалык жок экенин билесиңер.

    Рухий курал-жарак

    6:10 Акырында айтарым, Теңирден жана Анын кудуреттүү күчүнөн күч алгыла.

    6:11 Шайтандын айла-амалдарына каршы тура алуу үчүн, Кудайдын бардык курал-жарагын кийгиле,

    6:12 анткени биз адамдарга каршы эмес, башчыларга, бийликтерге, бул караңгы дүйнөнүн башкаруучуларына жана асман астындагы жаман рухтарга каршы күрөшөбүз.

    6:13 Ошондуктан кыйын күндөрдө каршы тура алышыңар үчүн, бардыгын жеңип, туруштук бере алышыңар үчүн, Кудайдын бардык курал-жарагын алгыла.

    6:14 Ошентип, чындык менен курчанып, адилдикти соот кылып кийип,

    6:15 бут кийимиңерди кийип, тынчтык жөнүндөгү Жакшы Кабарды таратууга даяр тургула.

    6:16 Баарынан мурун амалкөйдүн оттуу жебелеринин баарын өчүрө алышыңар үчүн, ишенимди калкан кылып алгыла.

    6:17 Ошондой эле куткарылгандыгыңарды туулга кылып кийип, Кудай Сөзүн – рухий кылычты алгыла.

    6:18 Жалынуу жана сурануу менен, бардык учурда Рухтун жетеги менен сыйынгыла. Дайыма сергек болуп, туруктуулук менен сыйынгыла, бардык ыйыктар үчүн,

    6:19 ошондой эле мен үчүн сыйынгыла: мага керектүү сөз берилсин, Жакшы Кабардын сырын кайраттуулук менен ачык жарыялагыдай болоюн.

    6:20 Жакшы Кабар үчүн мен элчилик кызматты кишенде жүрүп аткарып жатам. Ошондуктан Жакшы Кабарды кайраттуулук менен, кандай таратышым керек болсо, ошондой таратышым үчүн сыйынып тургула.

    Акыркы сөз

    6:21 Менин абалым, иштерим кандай экендигин силер да билишиңер үчүн, Теңирдин ишенимдүү кызматчысы, сүйүктүү бир тууганыбыз Тихик силерге бүт баарын айтып берет.

    6:22 Мен аны силерге ушул максат менен жиберип жатам, ал силерге биздин абалыбыз жөнүндө билдирип, силерди сооротот.

    6:23 Кудай Атадан жана Теңир Ыйса Машайактан бир туугандарга тынчтык, ишеним жана сүйүү тилейм.

    6:24 Теңирибиз Ыйса Машайакты өзгөрүлбөс сүйүү менен сүйгөндөрдүн бардыгына Кудай ырайымын төгө берсин! Оомийин.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск