Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Ефесянам 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    5:1 Сүйүктүү балдар катары Кудайды туурагыла,

    5:2 Машайак бизди сүйгөндүктөн, биз үчүн өзүн Кудайга жыты жагымдуу тартуу жана курмандык катары бергендей, силер да сүйүү жолунда жүргүлө.

    5:3 Араңарда ойноштук, ар кандай ыпыластык жана дүнүйөкорлук жөнүндө сөз да болбошу керек, себеби ыйыктарга мындай кылуу жарабайт.

    5:4 Ошондой эле уятсыз, маңызсыз жана маскаралаган сөздөрдү сүйлөбөгүлө, мындай кылуу жарабайт, анын ордуна ыраазычылык билдиргиле.

    5:5 Билип койгула: ойноштук кылуучу, нике бузуучу, дүнүйөкор, башкача айтканда, бутка табынуучу Машайактын жана Кудайдын Падышачылыгында мураска эү болбойт.

    5:6 үч ким силерди маңызсыз сөздөр менен алдабасын. Ошондой кылган баш ийбес адамдар Кудайдын каарына калышат.

    5:7 Ошондуктан аларга шерик болбогула.

    Жарыкта жүргүлө

    5:8 Силер бир кезде караңгы элеңер, бирок азыр Теңир аркылуу жарык болдуңар, жарыктын балдары катары жашагыла.

    5:9 Анткени жарыктын жемиши: боорукердик, адилдик, чындык.

    5:10 Кудайга эмне жагарын ажырата билгиле.

    5:11 Караңгылыктын жемишсиз иштерине аралашпагыла, тескерисинче, аларды ашкере кылгыла,

    5:12 анткени алардын жашыруун кылып жаткандарын айтканга ооз да барбайт.

    5:13 Анткени ашкереленген нерсенин баары жарык аркылуу ашкереленет, ачыкка чыккан нерсенин баары – жарык.

    5:14 Ошондуктан Ыйык Жазууда: «Уктап жаткан өлүк адам, ойгон, тирил, Машайак сени жарык кылат», – деп айтылган.

    5:15 Ошентип, кандай жашап жатканыңарга көңүл коюп карап, акылсыздардай эмес, акылдуулардай жашагыла.

    5:16 Убакытты пайдалана билгиле, анткени убакыт жаман.

    5:17 Ошон үчүн акылсыз болбогула, тескерисинче, Кудайдын каалоосу эмне экендигин таанып билгиле.

    5:18 Шарап ичип мас болбогула, анткени бул бузулган жашоого алып барат, тескерисинче, Рухка толгула:

    5:19 бири-бириңерге забурларды, даңктоо ырларын жана рухий ырларды айтып, Теңирди чын жүрөгүңөр менен даңктап ырдагыла;

    5:20 Теңирибиз Ыйса Машайактын атынан Кудай Атабызга бардык учурда бардык нерсе үчүн ыраазычылык билдиргиле;

    5:21 Кудайдан коркуу менен бири-бириңерге баш ийгиле.

    Єй-бүлөлүк жашоонун эрежелери

    5:22 Аялдар, күйөөңөргө Теңирге баш ийгендей баш ийгиле,

    5:23 анткени дененин Куткаруучусу Машайак Жыйындын башчысы болгон сыяктуу эле, күйөө да аялдын башчысы.

    5:24 Жыйын Машайакка баш ийгендей эле, аялдар да бардык нерседе күйөөлөрүнө баш ийишсин.

    5:25 Күйөөлөр, аялыңарды Машайак Жыйынды сүйгөндөй сүйгүлө. Машайак Жыйын үчүн өзүн берген.

    5:26 Ал Жыйынды сөз менен, суу менен жууп тазалап, ыйыктоо үчүн;

    5:27 тагы, кемчилиги же ушул сыяктуу бир нерсеси жок, ыйык жана кемчиликсиз кылып, өзүнүн алдына даңктуу кылып коюу үчүн өзүн берген.

    5:28 Ошол сыяктуу эле күйөөлөр да аялдарын өздөрүнүн денесин сүйгөндөй сүйүшү керек. Аялын сүйгөн адам өзүн сүйөт.

    5:29 Анткени үч ким үч качан өзүнүн денесин жек көрбөйт, тескерисинче, Машайак Жыйын үчүн кам көргөн сыяктуу, өз денесин азыктандырат, жылытат,

    5:30 анткени биз Анын дене мүчөлөрүбүз. Анын этинен жана сөөгүнөн жаратылганбыз.

    5:31 «Ошондуктан адам ата-энесин таштап, аялы менен биригет. Ошентип, экөө бир дене болот».

    5:32 Бул сыр аябай терең, менин айтканым Машайакка жана Жыйынга тиешелүү.

    5:33 Силерге тиешелүүсү болсо бул: күйөөсү аялын өзүн сүйгөндөй сүйсүн, аял болсо күйөөсүн урматтасын.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск