Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Ефесянам 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Машайактын Денеси болуп эсептелген Жыйындын биримдиги

    4:1 Ошентип, Теңир үчүн туткун болгон мен силерден өтүнөмүн: Кудай тарабынан чакырылып алынганыңарга ылайык жашагыла,

    4:2 бардык учурда момун, жоош жана чыдамдуу болгула, бири-бириңерге сүйүү менен мамиле кылып, көтөрүмдүү болгула.

    4:3 Рух биримдигин тынчтык байланышы аркылуу сактоого аракеттенгиле.

    4:4 Дене бирөө, Рух бирөө, чакырылып алынганыңарда, бир эмүткө чакырылгансыңар.

    4:5 Теңир бирөө, ишеним бирөө, чөмүлдүрүү бирөө,

    4:6 бардыгынын үстүндө, бардыгы аркылуу жана бардыгынын ичинде болгон, бардыгынын Кудайы жана Атасы бирөө.

    4:7 Машайактын чени менен ар бирибизге ырайым берилген.

    4:8 Ошондуктан Ыйык Жазууда: «Жогоруга чыкты, туткундоону туткундады, адамдарга белектерди берди», – деп айтылган.

    4:9 Ал эми «чыкты» деген сөздүн мааниси Машайак адегенде жердин түпкүрүнө түштү дегенди билдирбейби?

    4:10 Төмөн түшкөн да, бардыгын толтуруш үчүн, асмандан жогору көтөрүлгөн да – Ал.

    4:11 Бардыгыбыздын ишенимибиз жана Кудай Уулун таанып билүүбүз бирдей деңгүүлге жеткенге чейин,

    4:12 жеткилең адамдын, Машайактын деңгүүлине жеткенге чейин, Машайактын Денесин түзүүдө ыйыктарды кызмат кылууга жөндөмдүү кылуу үчүн,

    4:13 Ал бирөөлөрдү элчи, бирөөлөрдү пайгамбар, бирөөлөрдү Жакшы Кабар таратуучу, бирөөлөрдү Жыйын башчысы жана окутуучу кылып дайындады.

    4:14 Ал буларды адамдык амалкөйлүк жана ар кандай азгыруу ыкмасы менен адаштырган ар кандай окутуулардын шамалына айдалган, олку-солку болгон жаш балдардай болбой,

    4:15 тескерисинче, чындыкты сүйүү менен айтып, бардык жагынан Башчыбыз Машайакка окшошуп өсүшүбүз үчүн дайындады.

    4:16 Анын башчылыгы астында өз ара бириккен бардык муундардын жардамы менен бириктирилген жана түзүлгөн дене өзүн сүйүү менен бекемдеп, ар бир мүчөнүн өз алдынча кылган аракетине жараша өсөт.

    үски жана жаңы жашоо

    4:17 Ошондуктан Теңирдин атынан айтып эскертемин: мындан ары силер бутпарастарга окшоп куру кыял менен жашабагыла.

    4:18 Алардын акылы караңгылангандыктан, түркөйлүктөрүнүн жана жүрөктөрүнүн катууланганынын айынан Кудайдын жашоосунан четтеп калышкан.

    4:19 Ыйманынан ажырап калган алар ар кандай ыпылас иштерди тойбостук менен жасап, бузуктукка берилип кетишкен.

    4:20 Бирок силер Машайакты мындай таанып билген эмессиңер,

    4:21 силер Ал жөнүндө уккансыңар жана Андан эйрөнгөнсүңөр, анткени чындык Ыйсада.

    4:22 Силер Андан алдамчы кумарлары менен чирип бара жаткан эски адамдын мурдагы жүрүм-турумун таштоо керек экендигин,

    4:23 акыл-оюңарды жаңыртып турушуңар керек экендигин,

    4:24 чыныгы адилдик жана ыйыктык менен Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган жаңы адамды кийүү керек экендигин эйрөнгөнсүңөр.

    Жаңы жашоо үчүн берилген көрсөтмөлөр

    4:25 Мына ошондуктан жалгандан баш тартып, ар кимиңер жакыныңарга чындыкты айткыла, себеби биз бири-бирибизге мүчөбүз.

    4:26 Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле: күн батканча, ачууңарды баскыла,

    4:27 шайтанга орун бербегиле.

    4:28 Ким уурулук кылып жүрсө, мындан ары уурулук кылбасын, тескерисинче, эмгектенип, муктаж болгон адамга бир нерсе бере алгыдай болуш үчүн, өз колу менен пайдалуу нерсе жасасын.

    4:29 Оозуңардан үч кандай жаман сөз чыкпасын, тескерисинче, уккандарга пайдалуу боло турган, ишенимди бекемдей турган жакшы сөздөрдү сүйлөгүлө.

    4:30 Кудайдын Ыйык Рухун капа кылбагыла. Куткарылуу күнү ошол Рух менен мөөрлөнгөнсүңөр.

    4:31 Кыжырдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, заар тилден жана бардык жаман нерселерден арылгыла.

    4:32 Бири-бириңерге кайрымдуу, боорукер болгула. Кудай силерди Машайак аркылуу кечиргендей, бири-бириңерди кечиргиле.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск