Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Ефесянам 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Пабылдын бутпарастарга кызмат кылуусу

    3:1 Ошондуктан мен, Пабыл, силер – бутпарастар үчүн Машайак Ыйсанын туткуну болдум.

    3:2-3 Мага ачылган жашыруун сыр жөнүндө, атап айтканда, Кудайдын ырайымы жөнүндө силерге жарыялоо кызматы мага тапшырылгандыгын уккансыңар. Бул жөнүндө жогоруда кыскача жаздым.

    3:4 Силер бул катты окуганда, Машайактын жашыруун сырын кандай түшүнөрүмдү байкай аласыңар.

    3:5 Азыркы күндө Анын ыйык элчилерине жана пайгамбарларына Рух аркылуу белгилүү болгон бул сыр мурунку муундун адамдарына белгилүү болгон эмес.

    3:6 Ал сыр мындай: бутпарастар да мураскорлор жана ошол эле дененин мүчөлөрү болушат, ошондой эле Жакшы Кабардын негизинде Машайак Ыйса аркылуу Анын убадасы аларга да тиешелүү.

    3:7 Кудайдын күчү менен берилген Кудайдын ырайым белегинин негизинде мен Жакшы Кабар тарата турган кызматчы болуп калдым.

    3:8 Ыйыктардын эң кичинеси болгон мага берилген ырайым бул: Кудайдын ырайымы менен Машайактын изилденгис байлыгын бутпарас элдерге жар салуу,

    3:9 ошондой эле Кудайдын ар тараптуу акылмандуулугу асмандагы башкаруучуларга жана бийликтегилерге Жыйын аркылуу азыркы учурда белгилүү болушу үчүн,

    3:10 бардыгын жараткан Кудайдын өзүндө эзелтеден бери жашыруун болуп келген сырдын мааниси кандай экендигин бардык адамдарга ачып берүү.

    3:11 Бул сыр Анын Теңирибиз Машайак Ыйса аркылуу жүзөгө ашырылган эзелтеден берки максатына негизделген.

    3:12 Машайак аркылуу жана Машайакка болгон ишенимибиз аркылуу Кудайга кайраттуулук менен, ишенимдүү түрдө кайрылууга мүмкүнчүлүгүбүз бар.

    3:13 Ошондуктан силер үчүн азап тартып жатканыма кайгырбооңорду өтүнөм, анткени менин азап тартуум – силердин даңкыңар.

    Пабылдын Жыйын тууралуу сыйынуусу

    3:14-15 Ошол себептен мен Теңирибиз Ыйса Машайактын Атасынын – жердеги жана асмандагы бардык эй-бүлө Ким аркылуу аталса, Ошонун алдында тизе бүгүп,

    3:16 Ал өз даңкынын молдугу боюнча Руху аркылуу ички адамыңарды бекемдесин деп;

    3:17 ишеним аркылуу Машайак силердин жүрөгүңөрдөн орун алсын деп;

    3:18 ошондой эле сүйүүгө тамырланышсын жана негизделишсин, бардык ыйыктар менен бирге Машайактын сүйүүсүнүн кеңдиги менен узундугу, тереңдиги менен бийиктиги эмне экенин түшүнө алышсын деп;

    3:19 акыл жеткис ошол сүйүүнү таанып билишсин, Кудайдын толуктугуна толушсун деп сыйынам.

    3:20 Биздин ичибизде күчү менен аракеттенип жаткан, сураганыбыздан да же ойлогонубуздан да артык кыла ала турган Кудай

    3:21 Жыйында Машайак Ыйса аркылуу муундан муунга, кылымдан кылымга даңкталсын! Оомийин!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск