Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Ефесянам 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Ырайымдын негизинде берилген жаңы өмүр

    2:1 Кылмыштарыңардын жана күнөөлөрүңөрдүн айынан өлгөн силер

    2:2 бир кезде бул дүйнөнүн адаты боюнча, абада бийлик кылып жаткан төрөнүн жана Кудайга баш ийбеген адамдарда азыркы учурда аракеттенип жаткан рухтун каалоосу боюнча жашачусуңар.

    2:3 Бир кезде мындай адамдардын арасында биз да дененин каалоолорун аткарып, оюбузга келгенди кылып, денебиздин күнөөлүү каалоолору боюнча жашачубуз, башкалар сыяктуу эле табиятыбыз боюнча Кудайдын каарына кала турган адамдардан болчубуз,

    2:4 бирок ырайымга бай Кудай бизге болгон улуу сүйүүсү менен

    2:5 кылмыштарыбыздын айынан өлгөн бизди да Машайак менен бирге тирилтти (ырайымдын негизинде куткарылдыңар),

    2:6 бизди Машайак менен бирге тирилтип, Машайак Ыйса аркылуу асманга отургузду.

    2:7 Кудай муну Машайак Ыйса аркылуу бизге көрсөткөн жакшылыгын жана өз ырайымынын ченемсиз молдугун келечек кылымдарда көрсөтүш үчүн жасады.

    2:8 Силер ырайымдын негизинде, ишеним аркылуу куткарылдыңар, бул силерден эмес, бул – Кудайдын белеги.

    2:9 үч ким мактанбашы үчүн, бул кылган иштерден да эмес.

    2:10 Анткени бизди Ал жараткан, Кудай алдын ала белгилеп койгон жакшы иштерди аткарышыбыз үчүн, биз Машайак Ыйса аркылуу жаратылганбыз.

    Машайак бутпарастар менен жүйүттөрдү бириктирет

    2:11 Ошондуктан үстегилечи, бутпарас болуп төрөлгөн силер бир кезде кол менен сүннөткө отургузулгандар тарабынан «сүннөтсүздөр» деп аталчусуңар.

    2:12 Ошол мезгилде силер Машайаксыз элеңер, Ысрайыл коомчулугунан четтетилгендер элеңер, келишимдердин негизинде берилген убадаларга чоочун элеңер, бул дүйнөдө эмүтсүз жана кудайсыз элеңер.

    2:13 Бир кезде алыс болгон силер Машайак Ыйса аркылуу, Машайактын каны аркылуу азыр жакын болуп калдыңар.

    2:14 Анткени Машайак биздин тынчтыгыбыз, Ал экөөнөн бирди жаратып, аларды бөлүп туруучу тосмону талкалады,

    2:15 душмандыкты өз Денеси менен, осуяттардан турган мыйзамды окутуусу менен жок кылды. Муну Ал тынчтык орнотуп, экөөнөн өзүнө бир жаңы адамды жаратыш үчүн,

    2:16 душмандыкты айкаш жыгачта жок кылып, айкаш жыгач аркылуу экөөнү бир Денеде Кудай менен элдештириш үчүн кылды.

    2:17 Ошентип, Ал келип, алыс болгон силерге жана жакын болгон аларга тынчтыкты жар салды.

    2:18 Анткени Ал аркылуу биз – алыс жана жакын болгондор бир Рух менен Атага баруу мүмкүнчүлүгүнө эү болуп жатабыз.

    2:19 Демек, силер эми чоочундар жана келгиндер эмессиңер, ыйыктардын мекендештерисиңер жана Кудайдын өз элисиңер,

    2:20 силер элчилер менен пайгамбарлардын пайдубалынын үстүнө курулгандарсыңар, ал эми бурчка коюлуучу негизги таш – Ыйса Машайак өзү.

    2:21 Ошол Таштын үстүнө кыналып курулуп жаткан бүт имарат Теңирдин ыйык ийбадатканасы болуу үчүн бийиктеп келе жатат.

    2:22 Кудайдын турак жайы болуу үчүн, силер да Рух аркылуу ошол Таштын үстүнө курулуп жатасыңар.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск