Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Ефесянам 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    үлчинин саламдашуусу

    1:1 Кудайдын каалоосу менен Машайак Ыйсанын элчиси болгон Пабылдан эфестеги ыйыктарга – Машайак Ыйсага ишенгендерге салам!

    1:2 Кудай Атабыз жана Теңирибиз Ыйса Машайак силерге ырайымын төгүп, тынчтыгын бере берсин.

    Машайак аркылуу берилген рухий баталар

    1:3 Бизге Машайак аркылуу асмандагы ар кандай рухий баталарды берген Теңирибиз Ыйса Машайактын Кудайы жана Атасы макталсын!

    1:4 Биз Кудайдын алдында сүйүүдө ыйык жана кемчиликсиз болушубуз үчүн, Ал бизди дүйнө жарала электен мурун Машайак аркылуу тандап алып,

    1:5 өз каалоосу жана жакшы тилеги боюнча Ыйса Машайак аркылуу өзүнө бала кылып алууну алдын ала белгилеп койгон.

    1:6 Кудай өз ырайымынын даңкы чыгышы үчүн, сүйүктүү Уулу аркылуу бизге мол ырайым көрсөттү.

    1:7 Кудайдын мол ырайымынын негизинде Уулунун каны аркылуу кун төлөнүп, күнөөлөрүбүз кечирилди.

    1:8 Кудай бизге бул мол ырайымды өзүнүн даанышмандыгы жана акылмандыгы менен көрсөттү.

    1:9 Кудай бизге Машайак аркылуу алдын ала белгилеп койгон өзүнүн жакшы тилеги боюнча өз каалоосунун жашыруун сырын ачып берди.

    1:10 Ал өз убагы келгенде, асмандагы менен жердегинин бардыгын Машайактын башчылыгы астында бириктирет.

    1:11-12 Машайакка башынан эмүт кылып жүргөн биз аркылуу Анын даңкы чыгышы үчүн, бардыгын өз каалоосунун чечими боюнча Жасоочунун алдын ала аныктап койгону боюнча, Машайак аркылуу биз да мурасчылар болуп калдык.

    1:13 Чындык сөзүн – куткарылууңар жөнүндөгү Жакшы Кабарды угуп, Машайакка ишенгениңерде, силер да Ал аркылуу убадаланган Ыйык Рух менен мөөрлөнгөнсүңөр.

    1:14 Анын даңкы макталыш үчүн, Анын энчисине алынгандар куткарылышы үчүн, Ыйык Рух – биз эү боло турган мурастын аманаты.

    Пабылдын сыйынуусу

    1:15 Ошондуктан мен да силердин Теңир Ыйсага болгон ишенимиңер жана бардык ыйыктарга болгон сүйүэңөр жөнүндө уккандан бери,

    1:16 сыйынган сайын силерди үстеп, силер үчүн дайыма Кудайга ыраазычылык билдирип жатам.

    1:17 Теңирибиз Машайактын Кудайы, даңктуу Ата Аны таанып билишиңер үчүн силерге акылмандык берүүчү жана түшүндүрүүчү Рухун берсин деп;

    1:18 Ал чакырып алганда эү болгон эмүтүңөр эмне экендигин жана Анын ыйыктарга бере турган даңктуу мурасынын молдугу кандай экендигин,

    1:19 ошондой эле Анын бийлиги бар күчүнүн таасири астында ишенген биздин ичибизде аракеттенип жаткан Анын кудурети канчалык ченемсиз экендигин таанып билишиңер үчүн, жүрөгүңөрдүн көздөрүн ачсын деп сыйынып жатам.

    1:20 Кудай Машайакты өлгөндөрдүн арасынан тирилтип, асманда өзүнүн оң жагына отургузганда, ошол эле күч Машайактын ичинде аракеттенген;

    1:21 Аны бардык башчылыктан, бийликтен, күчтөн жана үстөмдүктөн, ошондой эле азыркы мезгилде гана эмес, келечекте да атала турган бардык ысымдардан жогору койгон;

    1:22 бардыгын Анын бут алдына багындырган жана Аны бардыгынын үстүнөн, Жыйындын Башчысы кылып койгон.

    1:23 Жыйын – Анын Денеси, бардыгын бардык жагынан Толтуруучунун толуктугу.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск