Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Галатам 6

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    6-БөЛЄМ

    Бири-биринин кыйынчылыктарын көтөрүү

    6:1 Бир туугандар, кандайдыр бир күнөө жасап айыбы ачылган адамды, силер, Рухтун жетеги менен жашагандар, момундук менен оң жолго салгыла, бирок өзүңөр да азгырылып кетпеш үчүн, сак болгула.

    6:2 Бири-бириңердин кыйынчылыгыңарды көтөргүлө, ошентип, Машайактын мыйзамын аткарасыңар.

    6:3 Анткени, эгерде кимдир бирөө чынында үч ким эмес болуп туруп, өзүн жогору бааласа, ал өзүн өзү алдайт.

    6:4 Ар ким өзүнүн ишин текшерсин, ошондо ал башка бирөө тарабынан эмес, өзү тарабынан мактоого эү болот,

    6:5 анткени ар ким өз жүгүн өзү көтөрөт.

    6:6 Насаат алып жаткан адам колунда болгон нерсесин өзүнүн насаатчысы менен бөлүшсүн.

    6:7 Алданбагыла: Кудай шылдың болбойт, анткени адам эмнени сепсе, ошону орот.

    6:8 Себеби өзүнүн күнөөкөр табиятына сепкен адам күнөөкөр табиятынан чирий турган нерсени алат, ал эми Рухка сепкен адам Рухтан түбөлүк өмүрдү алат.

    6:9 Жакшылык кылып жатып кейибейли, анткени алсырап калбасак, өз учурунда жыйнап алабыз.

    6:10 Ошондуктан убакыт барда, бардыгына, айрыкча, ишенимибиз бирлерге жакшылык кылалы.

    үлчинин мактанычы – Машайактын айкаш жыгачы

    6:11 Карагылачы, мен өз колум менен, чоң тамгалар менен жазып жатам.

    6:12 Адамдык табияты боюнча беделдүү болгусу келгендердин бардыгы Машайактын айкаш жыгачы үчүн куугунтукка алынбоолору үчүн гана силерди сүннөткө отурууга мажбур кылып жатышат.

    6:13 Анткени сүннөткө отургузулгандардын өздөрү да мыйзамды аткарышпайт, бирок алар силердин денеңер менен мактаныш үчүн, силердин сүннөткө отургузулушуңарды каалап жатышат.

    6:14 Мен болсо Теңирибиз Ыйса Машайактын айкаш жыгачынан башка үч нерсе менен мактангым келбейт. Мен бул дүйнө үчүн, бул дүйнө мен үчүн айкаш жыгачка кадалган.

    6:15 Анткени Машайак Ыйса жолунда сүннөткө отургузулуу же сүннөткө отургузулбоо маанилүү эмес, жаңы адам маанилүү.

    6:16 Ушул эреже боюнча жашагандардын бардыгына жана Кудайдын Ысрайыл элине Кудай тынчтыгын берип, ырайымын төгө берсин!

    6:17 Мындан ары үч ким мага кыйынчылык келтирбесин, анткени мен Теңир Ыйсанын жараатын өзүмдүн денемде алып жүрөм.

    6:18 Бир туугандар, биздин Теңирибиз Ыйса Машайактын ырайымы силердин рухуңар менен бирге болсун! Оомийин!

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск