Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Галатам 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Машайак тартуулаган эркиндик

    5:1 Машайак бизге тартуулаган эркиндикте жашагыла, кайрадан кулчулуктун моюнтуругун кийбегиле.

    5:2 Мен, Пабыл, силерге муну айтамын: эгерде силер сүннөткө отургузула турган болсоңор, анда Машайактан силерге үч кандай пайда жок.

    5:3 Сүннөткө отургузулган ар бир адамга дагы муну билдиремин: ал бүт мыйзамды аткарууга милдеттүү.

    5:4 Мыйзам аркылуу акталууну каалагандар, силер Машайактан четтеп, ырайымдан ажырап калдыңар.

    5:5 Ал эми биз өзүбүз эмүттөнгөн, ишенимдин негизинде келе турган адилдикти рухубуз менен күтүп жатабыз.

    5:6 Себеби Машайак Ыйса жолунда сүннөткө отургузулуу да, сүннөткө отургузулбоо да маанилүү эмес, өзүн сүйүү аркылуу көрсөткөн ишеним маанилүү.

    5:7 Силер жакшы эле чуркап бара жаттыңар эле, силердин чындыкка баш ийүэңөргө ким тоскоолдук кылды?

    5:8 Бул ынандыруу силерди Чакырып алгандан эмес.

    5:9 Бир аз ачыткы бүт камырды ачытат.

    5:10 Силер башкача ойлобойсуңар деп, мен толук ишенемин, бул ишенимим Теңирден. Ал эми силерди адаштырган адам, ал ким болбосун, жазага тартылат.

    5:11 Бир туугандар, эгерде мен дагы деле сүннөт жөнүндө жар салып жатсам, эмне үчүн мени куугунтуктап жатышат? Андай болсо айкаш жыгачтын азгырыгы токтойт эле да!

    5:12 Силерди адаштыргандар өздөрүн бычып салышса кана!

    5:13 Бир туугандар, силер эркиндикке чакырылгансыңар, бирок эркиндигиңер күнөөкөр табиятыңарды канааттандырууга негиз болуп бербесин, тескерисинче, бири-бириңерге сүйүү менен кызмат кылгыла.

    5:14 Анткени бүт мыйзам «өзүңдү кандай сүйсөң, жакыныңды да ошондой сүй» деген бир сөз менен жыйынтыкталат.

    5:15 Бирок бири-бириңер менен тиштешип, бири-бириңерди жеп жатсаңар, абайлагыла, бири-бириңерди жеп-жутуп койбогула!

    Рухтун жемиши жана күнөөкөр табияттын иштери

    5:16 Мен болсо муну айтамын: Ыйык Рухтун жетеги менен жашагыла, ошондо денеңердин күнөөлүү каалоолорун аткарбайсыңар.

    5:17 Анткени күнөөкөр табияттын каалоолору Рухка, Рухтун каалоолору болсо күнөөкөр табиятка каршы. Алар бири-бирине каршы, ошондуктан силер өзүңөр каалаганды жасабайсыңар.

    5:18 үгерде силер Рухтун жетеги менен жашап жатсаңар, анда мыйзамдын бийлиги астында эмессиңер.

    5:19 Күнөөкөр табияттын иштери болсо белгилүү, алар: ойноштук кылуу, нике бузуу, ыпыластык, адепсиздик,

    5:20 бутка табынуу, сыйкырчылык кылуу, касташуу, чыр-чатак, көрө албастык, ачуулануу, уруш-талаш, келишпестик, жалган окутуу,

    5:21 жек көрүү, киши өлтүрүү, аракечтик, шапар тебүү жана башка ушул сыяктуулар. Силерге мурда эскерткенимдей эле, дагы да эскертемин: мындай кылуучулар Кудайдын Падышачылыгын мурасташпайт.

    5:22 Рухтун жемиши болсо булар: сүйүү, кубаныч, тынчтык, чыдамдуулук, ак көңүлдүк, боорукердик, ишенимдүүлүк,

    5:23 момундук, өзүн өзү токтото билүү, буларга каршы мыйзам жок.

    5:24 Машайак Ыйсага тиешелүү болгондор өздөрүнүн күнөөкөр табиятын кумардануулары жана күнөөлүү каалоолору менен бирге айкаш жыгачка кадашкан.

    5:25 үгерде биз Рух аркылуу өмүргө эү болсок, анда Рухтун жетеги менен жашайлы.

    5:26 Менменсинбейли, бири-бирибизди кыжырдантпайлы, көрө албастык кылбайлы.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск