Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Галатам 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Машайак мыйзамдын бийлигинен бошотот

    4:1 Бирок бул нерсени айткым келет: мурасчы бардык нерсенин кожоюну болсо да, бала кезинде кулдан үч айырмаланбайт,

    4:2 атасы белгилеген убакытка чейин кам көрүүчүлөрдүн жана эй башкаруучулардын көзөмөлү астында болот.

    4:3 Ошондой эле биз да «бала кезибизде» дүйнөдөгү алгачкы негиздерге кул болчубуз.

    4:4 Бирок өз убагы келгенде, Кудай өз Уулун жиберди. Ал аялдан төрөлдү, мыйзамга баш ийди.

    4:5 Ал мыйзамдын бийлиги астындагыларды кун төлөп куткарды. Ал мыйзамдын бийлиги астындагылар Кудайдын балдары болушу үчүн ошондой кылды.

    4:6 Силер Кудайдын балдары болуп калгандыктан, Кудай силердин жүрөгүңөргө өз Уулунун «“Абба!”, Ата!» деп чакырган Рухун жиберди.

    4:7 Демек, эми сен кул эмессиң, сен Анын баласысың. эгерде баласы болсоң, анда Кудай сени Ыйса Машайак аркылуу мурасчы да кылды.

    Пабылдын галатиялыктар үчүн кам көрүүсү

    4:8 Бирок ошол убакта силер Кудайды тааныбагандыктан, чыныгы Кудай эмес кудайлардын кулдары элеңер.

    4:9 Азыр болсо Кудайды таанып билгениңерден кийин, тагыраак айтканда, Кудай тарабынан таанылганыңардан кийин, кантип кайрадан алсыз жана жакыр алгачкы негиздерге кайрылып жатасыңар? Кайрадан аларга кул болгуңар келеби?

    4:10 Күү бир күндөрдү, айларды, мезгилдерди, жылдарды ыйык тутуп жатасыңар!

    4:11 Мен силердин араңарда куру бекер эле эмгектендимби деп коркуп жатам.

    4:12 Бир туугандар, силерден өтүнөмүн: мендей болгула, анткени мен да силердей болчумун. Силер мени үч таарынткан эмессиңер.

    4:13 өзүңөр билесиңер, мен биринчи жолу Жакшы Кабарды силерге алсыз абалымда тараткам,

    4:14 алсыз абалым силер үчүн азгырык болсо да, кемсинткен эмессиңер, жийиркенген эмессиңер, тескерисинче, мени Кудайдын периштеси катары, Машайак Ыйса катары кабыл алгансыңар.

    4:15 Силердин ошол убактагы кубанычыңар кайда? Мен өзүм күбөлөндүрө алам, мүмкүн болсо, ошондо силер мага көзүңөрдү оюп берүүгө да даяр элеңер.

    4:16 үми мен чындыкты айтуу менен, силерге душман болуп калдымбы?

    4:17 Тигилер силерди таза ниет менен кызганып жатышкан жок, тескерисинче, силер аларды кызганышыңар үчүн, силерди бизден бөлүп кетүүнү каалап жатышат.

    4:18 Дайыма таза ниет менен кызганган жакшы, бирок мен араңарда болгондо эле эмес.

    4:19 Балдарым, силерден Машайак көрүнгөнгө чейин, мен силер үчүн кайрадан толгоо азабын тартамын.

    4:20 Азыр жаныңарга барып, үнүмдү өзгөртүп сүйлөгүм келип жатат, анткени мен силерге айран-таң калып жатам.

    Ыбрайымдын эки уулу – эки келишим

    4:21 Силер, мыйзамдын бийлиги астында болууну каалагандар, айткылачы мага, мыйзамда эмне айтылганын уккан жок белеңер?

    4:22 Анткени Ыйык Жазууда: «Ыбрайымдын эки уулу бар эле, бири күң аялынан, бири эркин аялынан», – деп жазылган.

    4:23 Бирок күң аялынан төрөлгөн уул кадимки балдардай, ал эми эркин аялынан төрөлгөн уул убада боюнча төрөлгөн.

    4:24 Мында каймана маани бар. Бул эки келишимди билдирет. Бири Синай тоосунда түзүлгөн, ал – балдарын кулчулук үчүн төрөгөн Ажар.

    4:25 Ажар Аравиядагы Синай тоосун билдирет. Ал азыркы күндөгү Иерусалимге туура келет, анткени Иерусалим өзүнүн балдары менен кулчулукта.

    4:26 Жогорку Иерусалим болсо эркин, ал баарыбыздын энебиз,

    4:27 анткени Ыйык Жазууда: «Кубан, баласы жок, төрөбөс аял! Кубанып кыйкыр, катуу эн сал, толгоо тартып кыйналбаган аял! Анткени күйөөсү бар аялга караганда күйөөсү таштап кеткен аялдын балдары көп», – деп жазылган.

    4:28 Бир туугандар, силер да Ыскакка окшоп, убада боюнча төрөлгөн балдарсыңар.

    4:29 Бирок ошол убакта кадимки балдардай төрөлгөн бала Рух боюнча төрөлгөн баланы кубалаган, азыр да ошондой.

    4:30 Бирок Ыйык Жазууда эмне деп айтылат? «Күң аялды баласы менен кууп чык, анткени күң аялдын баласы эркин аялдын баласы менен бирге мураскор болбойт».

    4:31 Ошондуктан, бир туугандар, биз «күң» аялдын балдары эмеспиз, «үркин» аялдын балдарыбыз.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск