Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Галатам 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS - FOCHT   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Мыйзам же ишеним

    3:1 Акылсыз галатиялыктар, айкаш жыгачка кадалган Ыйса Машайак силердин көз алдыңарга тартылгыдай сүрөттөлүп берилбеди беле, ким силерди чындыкка баш ийбөөгө азгырды?

    3:2 Силерден бул нерсени гана билгим келет: силер Рухту мыйзамды аткаруу аркылуу алдыңар беле же айтылган сөзгө ишенүү аркылуу алдыңар беле?

    3:3 Силер ушунчалык акылсызсыңарбы? Рух менен баштап, эми адамдык аракеттер менен бүтүрүп жатасыңарбы?

    3:4 Башыңардан өткөргөнүңөрдүн баары пайдасыз болуп калдыбы? Чын эле, пайдасыз болдубу?

    3:5 Мыйзамды аткаргандыгыңар үчүн Кудай силерге Ыйык Рухту берип, араңарда кереметтерди көрсөтүп жатабы? Же айтылган сөзгө ишенгендигиңер үчүн ошентип жатабы?

    3:6 Бизге белгилүү: «Ыбрайым Кудайга ишенди, ишеними ага адилдик катары эсептелинди».

    3:7 Ошентип, ишенгендер гана Ыбрайымдын балдары экенин билип койгула.

    3:8 Ыйык Жазуу да Кудайдын бутпарастарды ишеними аркылуу актай тургандыгы жөнүндө алдын ала билгендиктен, Ыбрайымга: «Бүт элдер сен аркылуу бата алышат», – деп, алдын ала жарыялаган.

    3:9 Ошентип, ишенгендер ишенимдүү Ыбрайым менен бирге бата алышат.

    3:10 Ал эми мыйзамга таянгандардын бардыгы каргыш астында. Анткени Ыйык Жазууда: «Тооратта жазылган мыйзамдын бардыгын дайыма аткарбаган адамга каргыш!» – деп жазылган.

    3:11 Мыйзам аркылуу Кудай алдында үч кимдин акталбастыгы белгилүү. Анткени «Адил адам ишеними аркылуу тирүү болот».

    3:12 Мыйзам болсо ишенимге негизделген эмес, тескерисинче, «Мыйзамды аткарган адам ал аркылуу тирүү болот».

    3:13 Ыбрайымга берилген бата Ыйса Машайак аркылуу бутпарастарга да берилиши үчүн жана биз ишеним аркылуу убадаланган Рухту алышыбыз үчүн,

    3:14 Машайак биздин ордубузга каргышка калып, бизди мыйзамдын каргышынан кун төлөп куткарып алды. Анткени Ыйык Жазууда: «Жыгачка асылган ар бир адам каргышка калган», – деп жазылган.

    Ыбрайымга берилген убада жана Мусанын мыйзамы

    3:15 Бир туугандар, жашоодон бир мисал келтирейин: адам тарабынан бекитилген мурас кагазын үч ким жокко чыгара да, ага үч нерсе кошумчалай да албайт.

    3:16 Бирок убадалар Ыбрайымга жана анын урпагына берилген. Кудай Ыбрайымга көптүк түрдө: «Сенин урпактарыңа», – деп айткан эмес, «Сенин урпагыңа», – деп, бирөө жөнүндө, башкача айтканда, Машайак жөнүндө айткан.

    3:17 Мен бул нерсени айткым келет: төрт жүз отуз жылдан кийин келген мыйзам Кудай тарабынан алдын ала бекитилген келишимди жокко чыгарбайт, демек, убада өз күчүн жоготпойт.

    3:18 Анткени мураска мыйзамдын негизинде эү болууга болсо, анда убаданын зарылчылыгы жок болмок. Бирок Кудай аны Ыбрайымга убаданын негизинде белек кылган.

    3:19 Андай болсо мыйзам эмне үчүн берилген? Ал кийинчерүүк, кылмыштардын айынан, Урпак келгенге чейин берилген. Кудайдын убадасы ошол Урпакка байланыштуу. Мыйзам периштелер аркылуу бир арачынын колу менен берилген.

    3:20 Бирок жалгыз бирөөгө арачынын кереги жок, Кудай болсо бирөө.

    3:21 Демек, мыйзам Кудайдын убадаларына каршыбы? Албетте, жок! эгерде өмүр бере турган мыйзам берилген болсо, анда мыйзам аркылуу акталууга болор эле.

    3:22 Бирок Ыйык Жазуу бүткүл адамзат күнөөнүн туткунунда экендигин жарыялайт. Демек, убадаланган нерсе ишенгендерге Ыйса Машайакка болгон ишенимдери аркылуу берилет.

    3:23 Ишеним келгенге чейин, ишеним айкын болгонго чейин, биз мыйзамдын сакчылыгы астында туткундалган болчубуз.

    3:24 Ошентип, ишеним аркылуу акталышыбыз үчүн, мыйзам биз үчүн Машайакка жетелеп келүүчү болду.

    3:25 Ал эми ишеним келгенде, жетелөөчүнүн көзөмөлүнөн бошондук.

    3:26 Анткени силер, бардыгыңар, Машайак Ыйсага болгон ишенимиңер аркылуу Кудайдын балдарысыңар.

    3:27 Анткени силер, бардыгыңар, Машайактын урматына чөмүлдүрүлүп, Машайактын бейнесин кийдиңер.

    3:28 Мындан ары силердин араңарда жүйүт да, эллин да, кул да, эркин адам да, эркек да, аял да жок, анткени бардыгыңар Машайак Ыйсанын ичинде бирсиңер.

    3:29 үгерде силер Машайактыкы болсоңор, анда силер Ыбрайымдын урпактарысыңар, убада боюнча мурасчыларсыңар.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск