Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Паралипоменон 19

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    19-БөЛЄМ

    Жейунун Жошапатты жемелеши

    19:1 Жүйүт падышасы Жошапат Иерусалимдеги өз үйүнө тынчтык менен кайтты.

    19:2 Хананинин уулу көрөгөч Жейу Жошапат падышанын алдынан чыгып, ага мындай деди: «үмне үчүн мыйзамсызга жардам бердиң, эмне үчүн Теңирди жек көргөндү жакшы көрдүң? Ушундай кылганың үчүн Теңир сага каарданып жатат.

    19:3 Бирок сенин жакшы иштериң да бар, анткени сен Жүйүт жериндеги Ашейра мамыларын жок кылдың, жүрөгүңдү Теңирди издөөгө бурдуң».

    Кудайга туура кызмат кылуунун калыбына келтирилиши

    19:4 Жошапат Иерусалимде жашап турду. Ал Бейер-Шебадан эпрайым тоосуна чейин жашаган элин кайра кыдырып, аларды ата-бабаларынын Кудай-Теңирине бурду.

    19:5 Жүйүт аймагындагы бардык чыңдалган шаарлардын ар бирине өз башкаруучуларын койду.

    19:6 Ал башкаруучуларга мындай деп айтты: «Силер эмне кылып жатканыңарды байкагыла. Силер адамдын эмес, Теңирдин өкүмүн чыгарып жатасыңар. өкүм чыгарган иштериңерде Ал силер менен болот.

    19:7 Ошондуктан силерде Теңирдин коркунучу болсун. Абайлап иш жүргүзгүлө, анткени биздин Кудай-Теңирде адилетсиздик, эки жүздүүлүк, паракордук болбойт».

    19:8 Жошапат Иерусалимде лебилерден, ыйык кызмат кылуучулардан, Ысрайылдын уруу башчыларынан Теңирдин сотун жүргүзүүгө жана талаш-тартыштарды чечүүгө дайындап, Иерусалимге кайтты.

    19:9 Жошапат аларга мындай деп буйрук кылды: «Кудайдан коркуп, берилгендик менен, таза жүрөгүңөр менен иштегиле.

    19:10 өз шаарларында жашаган бир туугандарыңар кан төгүү тууралуу, же мыйзам тууралуу, же осуят, көрсөтмө, каада-салт тууралуу чыр-чатактары менен келишсе, алар Теңирдин алдында айыпка жыгылбашы үчүн, өзүңөргө жана бир туугандарыңарга Теңирдин каары төгүлбөшү үчүн, аларга акыл-насаат айткыла. Ушундай кылгыла, ошондо күнөөгө батпайсыңар.

    19:11 Мына, Теңирдин ар кандай иштеринде силерди сурай турган башкы ыйык кызмат кылуучу Амария, ал эми падышанын ар кандай иштеринде калыстык кыла турган Жүйүт тукумунун төрөсү Ысмайыл уулу Зебадия жана көзөмөлдөөчү лебилер алдыңарда турат. Бекем болгула, иш жүргүзгүлө, ошондо Теңир адилет киши менен болот».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск