Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Паралипоменон 20

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    20-БөЛЄМ

    Жошапаттын сыйынуусунун жообу

    20:1 Ошондон кийин мааптыктар менен амондуктар жана Маон өлкөсүнүн айрым адамдары Жошапат менен согушууга жөнөштү.

    20:2 Жошапатка: «Деңиздин ары жагынан, Сириядан сага каршы аттанган кара кол келе жатат, алар Хасатсон-Тамарга, башкача айтканда, эйин-Гедиге келип калышты», – деп айтып келишти.

    20:3 Ошондо Жошапат коркуп, Теңирди издеш үчүн жүзүн бурду жана бүткүл Жүйүт аймагына орозо жарыялады.

    20:4 Жүйүттөр Теңирден жардам суроого жыйналышты. Алар Жүйүттүн бардык шаарларынан келип, жалынып-жалбарып, Теңирден жардам сурашты.

    20:5 Жошапат Теңир үйүнүн жаңы короосунун алдында, жүйүттөр менен иерусалимдиктердин арасында туруп, мындай деди:

    20:6 «Теңир, ата-бабаларыбыздын Кудайы! Асмандагы Кудай Сенсиң. Бардык элдердин падышачылыгына бир өзүң бийлик кыласың, күч да, кубат да өзүңдүн колуңда, Сага каршы чыккан үч ким туруштук бере албайт!

    20:7 Кудайыбыз, өз элиң Ысрайылдын алдынан ушул жердин элин кууп чыккан, ал жерди өзүңдүн досуң Ыбрайымдын тукумуна түбөлүккө берген Сен эмес белең!

    20:8 Алар бул жерге отурукташып, Сенин ысымыңа арнап ыйык жай куруп, мындай дешкен:

    20:9 “Биздин башыбызга мүшкүл түшкөндө: жазалоочу кылыч, же жугуштуу оору, же ачарчылык түшкөндө, биз ушул эйгө, Сенин алдыңа келебиз, анткени бул эйдө өзүңдүн ысымың турат. Кыйын-кысталышта биз Сени чакырсак, Сен биздин үнүбүздү угуп, куткарып каласың”.

    20:10 Азыр бул жерге амондуктар, мааптыктар жана Сеир тоосунда жашагандар келишти. Ысрайылдыктар Мисирден чыгып келе жатканда, Сен булардын жеринен өтпөгүлө дегенсиң, ошондуктан алар айланып өтүп, буларды тукум курут кылган эмес.

    20:11 үми алар ошол жакшылыгыбызга жамандык менен жооп берип жатышат. өзүң бизге мурастап берген, өзүң эүлик кылган жерден бизди кууп чыкканы келишти.

    20:12 Кудайыбыз! Буларды өзүң жазала. Анткени бизди каптап келе жаткан бул кара колго каршы турууга биздин күчүбүз жетпейт, эмне кыларыбызды билбейбиз, бирок биздин көзүбүз Сенде!»

    20:13 Бүт Жүйүт эли бала-бакырасы, аялдары, эр жигиттери менен Теңирдин алдында турушту.

    20:14 Ошондо жамааттын ортосунда турган леби Жахазиелге Теңирдин Руху түштү. Жахазиел – Захариянын уулу, Захария – Бенаянын уулу, Беная – Жейелдин уулу, Жейел – Асаптын уулдарынан чыккан Матаниянын уулу.

    20:15 Ошондо ал мындай деди: «Жүйүттөр, Иерусалим тургундары жана падыша Жошапат, баарыңар уккула! Теңир силерге мындай дейт: “Коркпогула, каптап келе жаткан кара колдон эрөйүңөр учпасын, анткени бул согуш силердики эмес, Кудайдыкы.

    20:16 үртең аларга каршы чыгасыңар. Азыр алар Сис дөңсөөсүнө чыгып келе жатышат, силер аларды өрөөндүн аягынан, Жеруел чөлүнүн алдынан табасыңар.

    20:17 Бул жолу силер согушпайсыңар. Силер карап тургула, Теңирдин силерге жиберген куткаруусун көрөсүңөр. Жүйүт менен Иерусалим! Коркпогула да эрөйүңөрдү учурбагыла! эртең аларга каршы чыгасыңар, Теңир силер менен болот”».

    20:18 Жошапат жерге жете таазим этти. Жүйүт эли менен Иерусалим тургундары да Теңирге таазим кылып, Анын алдына жыгылышты.

    20:19 Каат уулдары менен Корак уулдарынан чыккан лебилер туруп, катуу эн менен Ысрайылдын Кудай-Теңирин мактап ырдашты.

    20:20 Алар эртең менен эрте туруп, Текоя чөлүнө бет алышты. Алар жолго чыкканда, Жошапат өйдө туруп, мындай деди: «Жүйүттөр менен Иерусалим тургундары, мени уккула! өзүңөрдүн Кудай-Теңириңерге ишенгиле, бекем тургула. Анын пайгамбарларына ишенгиле, ошондо ийгиликке жетесиңер».

    20:21 Ал эл менен кеңешип, Теңирге ырдай турган ырчыларды койду. Аларды куралдуу аскерлердин алдында ыйыктыкты сактап: «Теңирди даңктагыла, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү!» – деп Теңирди даңазаласын деп койду.

    20:22 Алар Теңирди даңктап, даңазалап бара жатканда, Теңир Жүйүт аймагындагыларга каршы келе жаткан амондуктар менен мааптыктардын жана Сеир тоосунда жашагандардын ыркын кетирип, ортосуна бүлүк түшүрдү. Алар кырылып калышты.

    20:23 Анткени амондуктар менен мааптыктар Сеир тоосунда жашагандарга каршы чыгышып, аларды өлтүрүштү. Аларды кырып бүткөндөн кийин, бири-бирин кырып салышты.

    20:24 Жүйүттөр чөлдөгү дөбөгө келгенде, калың колду карашса, өлүктөр экен, бир да тирүү жан калбаптыр.

    20:25 Жошапат эли менен олжону алганы келди. Алар абдан көп мал-мүлк, кийим-кече, кымбат баалуу асыл буюмдарды алышты. Олжонун көптүгүнөн көтөрө албай жатышты. Олжо ушунчалык көп болгондуктан, алар аны үч күн ташышты.

    20:26 Ал эми төртүнчү күнү Бата өрөөнүнө чогулуп, Теңирди даңкташты. Ошондуктан ал жерди бүгүнкү күнгө чейин Бата өрөөнү дешет.

    20:27 Жошапат башында турган Жүйүт аймагындагылар менен иерусалимдиктер Иерусалимге кубаныч менен кайтышты, анткени Теңир аларга душманынын үстүнөн жеңиш берди.

    20:28 Алар Иерусалимдеги Теңирдин үйүнө арфа, лира, сурнай менен келишти.

    20:29 Жер жүзүндөгү бардык падышачылыктар Ысрайылдын душмандары менен Теңир өзү салгылашканын угушканда, Кудайдан коркуп калышты.

    20:30 Ошентип, Жошапаттын падышачылыгы тынчтанып калды. Анын Кудайы ага туш тарабынан тынчтык берди.

    Жошапаттын көз жумушу

    20:31 Жошапат Жүйүт аймагына мына ушундай падышачылык кылды. Ал падыша болуп такка отурганда, отуз беш жашта эле. Ал Иерусалимде жыйырма беш жыл падышачылык кылды. Анын энесинин аты – Азуба, ал – Шилхинин кызы.

    20:32 Ал өз атасы Асанын жолу менен жүрүп, анын жолунан оңго да, солго да кыйшайган жок, Теңирге жаккан иштерди кылды.

    20:33 Бирок бийик жерлердеги бутканалар гана жок кылынган жок, эл да ата-бабаларынын Кудайына жүрөктөрүн толугу менен бура элек эле.

    20:34 Жошапаттын алгачкы жана акыркы иштери Ханани уулу Жейунун жазууларында жазылган, алар Ысрайыл падышаларынын китебине киргизилген.

    20:35 Бирок ошондон кийин Жүйүт падышасы Жошапат мыйзамсыз иштерди кылган Ысрайыл падышасы Ахазай менен келишим түздү.

    20:36 Аны менен келишим түзгөнүнүн себеби Таршышка жөнөтүш үчүн, кемелерди жасатуу керек эле. Кемелерди алар этсион-Геберде жасашты.

    20:37 Марейшадан чыккан Додабайдын уулу элиезер Жошапатка пайгамбарчылык кылып: «Ахазай менен келишим түзгөндүгүң үчүн, Теңир кылган ишиңди талкалайт», – деди. Ошондо кемелери талкаланып, Таршышка бара албай калышты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск