Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - 2 Паралипоменон 21

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    21-БөЛЄМ

    21:1 Жошапат көз жумуп, ата-бабалары жаткан Дөөттүн шаарына коюлду. Анын ордуна уулу Жорам падыша болду.

    Жорамдын Жүйүткө падыша болушу

    21:2 Анын бир туугандары, Жошапаттын уулдары: Азария, Жехиел, Захария, Азария, Михаел, Шепатия. Булардын баары Жүйүт падышасы Жошапаттын уулдары эле.

    21:3 Атасы аларга алтын, күмүш, кымбат баалуу буюмдарды, Жүйүт аймагындагы чыңдалган шаарларды берди. Падышачылыгын болсо, тун баласы болгондуктан, Жорамга берди.

    21:4 Жорам такка отургандан кийин, бийлигин бекемдеди да, өзүнүн бардык бир туугандарын жана Ысрайылдын күү бир төрөлөрүн кылычтап өлтүрдү.

    21:5 Жорам такка отурганда, отуз эки жашта болчу, ал Иерусалимде сегиз жыл падышачылык кылды.

    21:6 Ал Ысрайыл падышаларынын жолу менен жүрүп, Ахаптын тукуму кандай иш кылса, ошондой иш кылды, анткени Ахаптын кызы анын аялы эле, ошондуктан Теңирге жакпаган иштерди кылды.

    21:7 Бирок Теңир Дөөт менен түзгөн келишими үчүн, Дөөттүн тукумун кыйраткысы келген жок, анткени ага жана анын уулдарына түбөлүккө чырак берем деп убада кылган.

    21:8 Анын убагында эдом Жүйүттүн бийлиги астынан чыгып, өзүнө падыша коюп алды.

    21:9 Жорам аскер башчылары менен, майдан арабалары менен жөнөдү. Анан ал түн ичинде туруп, аны курчап калган эдомдуктарды майдан арабаларынын башчылары менен кошо талкалады.

    21:10 Бирок эдом бүгүнкү күнгө чейин Жүйүттүн бийлигинен чыгып кеткен. Ошол учурда анын бийлигинен Либна да чыкты, анткени ал өз ата-бабаларынын Кудай-Теңирин таштап салган.

    21:11 Ал Жүйүт аймагынын тоолоруна бутканаларды куруп, Иерусалимде жашагандарды жолунан адаштырып, жүйүт элин да азгырды.

    21:12 Ошондо ага Илияс пайгамбардан мындай кат келди: «Сенин атаң Дөөттүн Кудай-Теңири мындай дейт: “Атаң Жошапаттын жолу менен жана Жүйүт падышасы Асанын жолу менен жүрбөгөнүң үчүн,

    21:13 тескерисинче, Ысрайыл падышаларынын жолу менен кетип, Жүйүт аймагындагыларды жана Иерусалимде жашагандарды Ахаптын тукуму жолдон адаштыргандай адаштыргандыгың үчүн, кала берсе, атаңдын тукумун, сенден жакшы бир туугандарыңды өлтүргөнүң үчүн,

    21:14 Теңир сенин элиңди, балдарыңды, аялдарыңды жана бүт мал-мүлкүңдү кырып жок кылат.

    21:15 өзүңө болсо катуу ички оору жиберет, күн өткөн сайын ошол оорудан ички мүчөлөрүң түшө баштайт”».

    21:16 Теңир Жорамга каршы пелиштиликтердин жана эфиопияга жанаша жаткан аравиялыктардын рухун козгоду.

    21:17 Алар Жүйүт аймагына каршы чыгып, аны басып кирип, падышанын үйүндөгү бүт мүлктөрүн, аялдарын, балдарын чаап кетишти. Анын кенже уулу Ахазай гана калды.

    21:18 Ушундан кийин Теңир анын ички мүчөлөрүн айыкпас дартка кабылтты.

    21:19 Ал дарт күндөн күнгө күчөп, экинчи жылдын аягында ал дарттан анын бүтүндөй ички мүчөлөрү түшүп калды. Ал абдан кыйналып жатып өлдү. эл анын аталарына кылгандай, жыпар жыттуу зат күйгүзгөн жок.

    21:20 Ал падыша болгондо отуз эки жашта эле, ал Иерусалимде сегиз жыл падышачылык кылды. Бирок эл аны жоктоп, кошок кошкон жок. Ал да Дөөттүн шаарына коюлду, бирок ал падышалар жаткан жайга коюлган жок.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск