Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Второзаконие 19

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    19-БөЛЄМ

    Баш калкалай турган шаарлар жөнүндө

    19:1 Кудай-Теңириң сага берип жаткан жердеги элдерди жок кылганда, сен алардын жерлерин эүлеп, алардын шаарларына, үйлөрүнө отурукташканыңда,

    19:2 Кудай-Теңириң сага эүлик кылышың үчүн берип жаткан жердин ортосунан үч шаарды бөлүп кой.

    19:3 Ошол шаарларга барчу жол салып, Кудай-Теңириң энчиңе берип жаткан жерди эчкө бөл. Алар киши өлтүргөн адамдар баш калкалай турган шаарлар болот.

    19:4 Ал шаарларга төмөнкүдөй шартта киши өлтүргөн адамдар качып барып тирүү калышат: ким мурун кас болбой туруп, өз жакынын кокусунан өлтүрүп алса,

    19:5 ким өз жакыны менен отун кыюуга токойго барып, карагайга шилтеген балтанын башы чыгып кетип, жакынына тийип, ал өлүп калса, анда ал киши тирүү калыш үчүн, баш калкалоочу шаарлардын бирине качып барсын.

    19:6 үгерде ал шаарларга жол алыс болсо, кан кууган адам киши өлтүргөн адамдын артынан кууп жетип, ачууга алдырып, аны өлтүрүп койбосун. Анткени ал өлүм жазасына тартылбашы керек, себеби өлтүрүп алган адамына мурун кас болгон эмес.

    19:7 Ошондуктан мен сага: “Yч шаарды бөлүп кой”, – деп буйрук кылып жатам.

    19:8 Кудай-Теңириң сенин ата-бабаларыңа убада кылгандай, сенин жериңди кеңейтип, ата-бабаларыңа убада кылган жерлердин бардыгын колуңа бергенде,

    19:9 өмүрүң өткөнчө Кудай-Теңириңди сүйүп, Анын жолунда жүрүп, мен бүгүн сага берип жаткан ушул осуяттарды аткарууга аракеттене турган болсоң, анда бул үч шаарга дагы үч шаар кошуп ал.

    19:10 Кудай-Теңириң сенин энчиңе берип жаткан жерде сенин мойнуңда кан калбас үчүн, сенин жериңде айыпсыз адамдардын каны төгүлбөсүн.

    19:11 Ким өз жакынына кас болуп, жашырынып барып, атайылап кол салып аны өлтүрүп, баш калкалоочу шаарлардын бирине качып барса,

    19:12 анда шаар аксакалдары аны ал шаардан алып келүүгө кишилерин жөнөтүп, аны кан кууган адамдын колуна салып беришсин, ал өлүм жазасына тартылсын.

    19:13 Ага ырайым кылба. Ысрайылдан айыпсыздын канын жууп сал, ошондо сага жакшы болот.

    19:14 Кудай-Теңириң сага эүлик кылышың үчүн берген, сага тийген жерде ата-бабаларың койгон жакыныңдын чегин бузба.

    19:15 Айыпка жыгылган адамга, же кылмыш кылган адамга, же күнөө кылган адамга бир күбө жетишсиз. Иш эки же үч күбөнүн сөзү боюнча каралышы керек.

    19:16 Ким бирөөнү кылмыш кылды деп айыптап, жалган күбө болсо,

    19:17 анда ортосунда талаш-тартышы бар эки киши тең Теңирдин алдына, ошол убактагы ыйык кызмат кылуучулар менен башкаруучулардын алдына келсин.

    19:18 Башкаруучулар жакшылап териштиришсин. эгерде ал күбө өз бир тууганына жалган жалаа жапкан болсо,

    19:19 анда өз бир тууганына ойлогон жамандыкты анын өзүнө жасагыла. өз ичиңдеги жамандыкты ушинтип жок кыл.

    19:20 Ошондо башкалар угуп, коркуп калышат да, ошондон кийин сенин ичиңде ошондой жамандыкты кылышпайт.

    19:21 Ага бооруң ачыбасын. Жанга жан, көзгө көз, тишке тиш, колго кол, бутка бут болсун.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск