Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Акыркы жаза

    11:1 Теңир Мусага мындай деди: «Мен фараонду жана мисирликтерди дагы бир жолу жазалайм. Ошондон кийин гана ал силерди бул жерден коё берет. Коё бергенде да, силерди бул жерден шашылыш кууп чыгат.

    11:2 үлиңе айтып кой, ар бир эркек, ар бир аял өз кошунасынан алтын-күмүш буюм сурап алсын».

    11:3 Теңир өз элине мисирликтердин көз алдында ырайым кылды. Муса да Мисир жеринде, фараондун кулдарынын алдында, элдин алдында эң улуу адам болду.

    11:4 Муса мындай деди: «Теңир мындай дейт: “Түн ортосунда Мен Мисир жерин аралап өтөм.

    11:5 Ошондо Мисир жериндеги тун балдардын баары, тактыда отурган фараондун тун баласынан баштап, жаргылчак тартып отурган күңдүн тун баласына чейин өлөт, малдын биринчи төлүнүн баары кырылат.

    11:6 Ошондо бүткүл Мисир жери боздоп ыйлайт. Мындай ый мурун да болгон эмес, кийин да болбойт”.

    11:7 Ал эми Ысрайыл уулдары жана алардын малы үч кандай зыян тартпайт. Ошондо Теңир мисирликтер менен ысрайылдыктардын ортосуна кандай айырма койгонун көрөсүңөр.

    11:8 Сенин кулдарыңдын баары менин алдыма келип тизе бүгүп: “Жетектеп жүргөн элиң менен кошо чыгып кет”, – дешет. Мен ошондон кийин гана чыгып кетем». Анан Муса фараондон каарданып чыгып кетти.

    11:9 Теңир Мусага мындай деди: «Мисир жеринде кереметтеримди көрсөтө беришим үчүн, фараон силерди укпай койду».

    11:10 Муса менен Арун ушул кереметтердин баарын фараондун алдында көрсөтүштү. Бирок Теңир фараондун жүрөгүн катуулантып койгондуктан, ал Ысрайыл уулдарын өз жеринен коё берген жок.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск