Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 10

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    10-БөЛЄМ

    Сегизинчи жаза: чегиртке

    10:1 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Фараонго кир, аларга өзүмдүн ушул кереметтеримди көрсөтүш үчүн,

    10:2 Мисирде эмне кылганымды, ал жерде көрсөткөн кереметтерим жөнүндө уулуңа, уулуңдун уулуна айтып беришиң үчүн, Менин Теңир экенимди билишиңер үчүн, Мен фараондун жана анын кулдарынын жүрөгүн катуулантып койдум».

    10:3 Муса менен Арун фараонго келип, мындай деп айтышты: «үврейлердин Кудай-Теңири мындай дейт: “Качанкыга чейин сен Мага моюн сунбайсың? Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын.

    10:4 үгерде сен Менин элимди коё бербесең, анда эртең Мен сенин жериңе чегиртке каптатам.

    10:5 Алар жер бетин көрүнгүс кылып каптайт да, мөндүрдөн калгандын баарын жеп, талаадагы бак-дарактардын баарын курутат.

    10:6 Сенин үйүңө, кулдарыңдын үйлөрүнө жана бардык мисирликтердин үйлөрүнө толот, мындайды сенин ата-бабаларың да, ата-бабаларыңдын ата-бабалары да жер бетинде жашагандан ушул күнгө чейин көргөн эмес”». Муса бурулуп, фараондон чыгып кетти.

    10:7 Ошондо фараондун кулдары: «Бул бизди качанкыга чейин кыйнайт? Бул элди коё бер, алар өздөрүнүн Кудай-Теңирине ийбадат кылышсын. Мисирдин кыйрап бара жатканын дагы эле көрбөй турасыңбы?» – дешти.

    10:8 Анан Муса менен Арунду фараонго кайра алып келишти. Ошондо фараон аларга: «Баргыла, өзүңөрдүн Кудай-Теңириңерге ийбадат кыла бергиле. Бирок кимиңер барасыңар?» – деди.

    10:9 Муса мындай деди: «Биз жаш балдарыбыз, кары-картаңдарыбыз, уул-кыздарыбыз менен, майда жана бодо малыбыз менен барабыз, анткени Теңирге арнап майрам өткөрөбүз».

    10:10 Фараон аларга: «Мейли, ушундай болсун, Теңир силер менен! Мен силерди коё берүүгө даярмын, бирок эмнеге балдарыңарды кошо алып барганы жатасыңар? Көрдүңөрбү, силердин ниетиңер жаман.

    10:11 Болбойт, Теңириңерге эркектериңер гана ийбадат кылышсын, анткени силер ошону сурагансыңар», – деди. Анан аларды фараондон кууп чыгышты.

    10:12 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Колуңду Мисир жерине сун, Мисир жерин чегиртке каптап, жердеги өсүмдүк-чөптүн баарын, мөндүрдөн аман калгандын баарын жесин».

    10:13 Муса таягын Мисир жерине сунду. Ошондо Теңир бул жерге чыгыштан шамал жиберди. Ал шамал бир күн, бир түн болду. Чыгыштан соккон шамал эртең менен чегиртке каптатты.

    10:14 Чегиртке бүт Мисир жерин каптады, алар өтө көп болгондуктан, бүт Мисир өлкөсүн басып калды. Буга чейин мынчалык көп чегиртке болгон эмес, мындан кийин да болбойт.

    10:15 Чегиртке бүт жер бетин каптап калгандыктан, жер көрүнбөй калды. Чегирткелер жердеги бардык өсүмдүктөрдү, мөндүрдөн аман калган дарактардын мөмөлөрүн бүт жеп коюшту. Мисир жериндеги бак-дарактардан, талаадагы өсүмдүктөрдөн үч нерсе калган жок.

    10:16 Ошондо фараон Муса менен Арунду шашылыш чакыртып, мындай деди: «Мен силердин Кудай-Теңириңердин алдында, силердин алдыңарда күнөө кылдым.

    10:17 үми менин күнөөмдү дагы бир жолу кечиргиле да, өзүңөрдүн Кудай-Теңириңерге сыйынгыла, Ал менден бул өлүмдү кайт кылсын».

    10:18 Муса фараондон чыгып, Теңирге сыйынды.

    10:19 Ошондо Теңир батыштан чыгышка карай катуу шамал соктурду, ал шамал чегирткелерди Кызыл деңизге сүрүп таштады. Мисир жеринде бир да чегиртке калган жок.

    10:20 Бирок Теңир фараондун жүрөгүн катуулантып койгондуктан, ал Ысрайыл уулдарын коё бербей койду.

    Тогузунчу жаза: караңгылык

    10:21 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Колуңду асманга сун, ошондо Мисир жерине көзгө сайса көрүнгүс караңгылык түшөт».

    10:22 Муса колун асманга сунду, ошондо бүткүл Мисир жерин үч күн бою көзгө сайса көрүнгүс караңгылык каптап турду.

    10:23 Бири-бирин көрбөй, үч күн бою үч ким ордунан жылган жок. Ысрайыл уулдарынын үйлөрүндө болсо жарык болуп турду.

    10:24 Ошондо фараон Мусаны чакыртып, мындай деди: «Баргыла, Теңириңерге ийбадат кыла бергиле, бирок майда жана бодо малыңарды калтыргыла, балдарыңар болсо силер менен бара беришсин».

    10:25 Бирок Муса мындай деди: «Кудай-Теңирибизге курмандык чалышыбыз үчүн, бизге курмандыктарды да, бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарды да беришиң керек.

    10:26 Малыбызды да ала барабыз, бир да туяк калбайт, анткени биз Кудай-Теңирибизге чала турган курмандыкты алардын арасынан алабыз. Бирок биз ал жерге жетмейинче, курмандыкка эмнени чаларыбызды билбейбиз».

    10:27 Теңир фараондун жүрөгүн катуулантып койгондуктан, ал элди коё бергиси келген жок.

    10:28 Фараон Мусага: «Жогол бул жерден! Менин алдыма кайра келем деп ойлобо. Анткени менин жүзүмдү көргөн күнү өлөсүң», – деди.

    10:29 Муса ага: «Сен айткандай болот. Мындан ары жүзүңдү көрбөйм», – деди.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск