Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    Бешинчи жаза: жугуштуу жара

    9:1 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Фараонго барып, эврейлердин Кудай-Теңири мындай дейт де: “Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын.

    9:2 үгерде сен аны коё бергиң келбей, дагы кармай турган болсоң,

    9:3 анда Теңир өз колун талаадагы бардык малыңа, жылкыларыңа, эшектериңе, төөлөрүңө, өгүздөрүңө жана койлоруңа каршы сунат: аларга өтө оор жугуштуу оору жиберет.

    9:4 Бирок Теңир Ысрайылдын малын Мисирдин малынан бөлүп коёт. Ысрайыл уулдарынын малынан бирөө да өлбөйт”».

    9:5 Теңир убакытты белгилеп: «Муну Теңир эртең ушул жерде жасайт», – деди.

    9:6 Теңир муну эртеси күнү жасады, ошондо Мисирдин бардык малы кырылып калды, бирок Ысрайыл уулдарынын малынан бирөө да өлгөн жок.

    9:7 Фараон билип келгенге киши жиберсе, ысрайылдыктардын малынан бирөө да өлбөптүр. Бирок фараондун жүрөгү катууланып, элди коё бербей койду.

    Алтынчы жаза: күл

    9:8 Ошондо Теңир Муса менен Арунга мындай деди: «Мештен бир уучтан күл алгыла. Муса аны фараондун көз алдында асманга чачсын.

    9:9 Ошондо бүткүл Мисир жерин чаң каптап, бүткүл Мисир жериндеги адамдар менен малга ириңдүү жара чыгат».

    9:10 Алар мештен күл уучтап алып, фараондун алдына келишти. Муса аны асманга чачты, ошондо адамдар менен малга ириңдүү жара чыкты.

    9:11 Сыйкырчылар жарадан улам Мусанын алдында туруштук бере алышпады, анткени жара сыйкырчыларга жана бүт мисирликтерге чыккан эле.

    9:12 Бирок Теңир фараондун жүрөгүн катуулантып койгондуктан, Теңир Мусага айткандай эле, фараон аларды уккан жок.

    Жетинчи жаза: мөндүр

    9:13 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «үртең эрте туруп, фараондун алдына барып, ага мындай де: эврейлердин Кудай-Теңири мындай дейт: “Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын.

    9:14 Анткени бул жолу Мен сени, кулдарыңды жана элиңди катуу жазалайм, ошондо сен бүт жер үстүндө Мага теңдеш үч ким жок экенин билесиң.

    9:15 үгерде Мен колумду сунсам, анда сен элиң менен кошо жугуштуу оорудан кырылмаксың, жер бетинен жок болмоксуң.

    9:16 Бирок сага өзүмдүн күчүмдү көрсөтүш үчүн, Менин ысымым бүт жер жүзүндө белгилүү болуш үчүн, Мен сага тийген жокмун.

    9:17 Сен Менин элимди коё бергиң келбей, дагы эле каршы болуп жатасың.

    9:18 Мен эртең так ушул убакта Мисир негизделген күндөн тартып азыркыга чейин болуп көрбөгөн өтө катуу мөндүр жаадырам.

    9:19 Ошондуктан малыңды жана талаада эмнең болсо, ошонун баарын чогултканы киши жибер, ал эми эйгө келбей, талаада калган адамдарың да, малың да мөндүрдөн кырылат”».

    9:20 Фараондун кулдарынын ичинен Теңирдин сөзүнөн корккондору шашылыш барып, талаадагы кулдары менен малын үйлөрүнө алып келишти.

    9:21 Ал эми Теңирдин сөзүнө көңүл бурбагандары кулдары менен малын талаага калтырышты.

    9:22 Ошондо Теңир Мусага: «Колуңду асманга көтөр, бүткүл Мисир жерине, элине, малына жана Мисир жериндеги бардык өсүмдүктөргө мөндүр түшөт», – деди.

    9:23 Муса таягын асманга көтөрдү. Ошондо Теңир күн күркүрөтүп, мөндүр жаадырды, жер бетин от каптады. Ошентип, Теңир Мисир жерине мөндүр жаадырды.

    9:24 Мөндүр менен кошо от да жаады, мөндүр абдан катуу болду. Мисирде эл отурукташкандан бери мындай болгон эмес.

    9:25 Ошентип, мөндүр бүткүл Мисир жерин талкалады, талаада эмне болсо, ошонун баарын: адамдарды, малдарды кырып, өсүмдүктөрдү, бак-дарактарды талкалап кетти.

    9:26 Ысрайыл уулдары жашаган Гошен жерине гана мөндүр жааган жок.

    9:27 Ошондо фараон Муса менен Арунду киши жиберип чакыртып алып: «Бул жолу мен күнөө кылдым, Теңир адилеттүү, мен жана менин элим болсо айыптуу.

    9:28 Теңирге сыйынгылачы, Кудайдын күн күркүрөөсү менен мөндүрү басылсын. Ошондо мен силерди коё берем, мындан ары кармабайм», – деди.

    9:29 Муса ага: «Мен шаардан чыгарым менен Теңирге колумду сунам. Күндүн күркүрөгөнү да, мөндүр да басылат, ошондо сен жер Теңирдики экенин билесиң.

    9:30 Бирок мен сен да, кулдарың да дагы эле Кудай-Теңирден коркпоруңарды билем», – деди.

    9:31 Зыгыр менен арпаны да мөндүр талкалап кетти, анткени арпа баш алып, зыгыр гүлдөп калган эле.

    9:32 Ал эми буудай менен кайрак буудайды мөндүр талкалаган жок, анткени алар кеч себилген эле.

    9:33 Муса фараондон чыгып, шаардан узагандан кийин, Теңирге колун сунду. Ошондо күндүн күркүрөгөнү да, мөндүр да, жерге куйган жамгыр да басылды.

    9:34 Фараон жамгырдын да, мөндүрдүн да, күндүн күркүрөгөнү да басылганын көргөндө, күнөө кылганын улантты, ал өзү да, анын кулдары да жүрөктөрүн катуулантышты.

    9:35 Теңир Муса аркылуу айткандай, фараондун жүрөгү катууланып, Ысрайыл уулдарын коё бербей койду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск