Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исход 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    үкинчи жаза: курбака

    8:1 Теңир Мусага мындай деди: «Фараонго барып айт: Теңир мындай дейт: “Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын.

    8:2 үгерде сен аларды коё бергенге макул болбосоң, анда Мен сенин бардык жериңе курбака каптатам.

    8:3 Ошондо дарыяда курбакалар быкылдап, андан чыгып, үйүңө да, уктоочу бөлмөңө да, төшөгүңө да, кулдарың менен элиңдин үйлөрүнө да, мешиңдин ичине да, камыр ачыткан челегиңе да кирет.

    8:4 Курбакалар сенин, элиңдин жана кулдарыңдын үстүнө чыгат”».

    8:5 Теңир Мусага мындай деди: «Арунга мындай деп айт: “Колуңдагы таягыңды дарыяларга, агын сууларга жана көлдөргө сунуп, Мисир жерине курбака каптат”».

    8:6 Арун колун Мисир жериндеги сууларга сунганда, курбакалар чыгып, Мисир жерин каптады.

    8:7 Сыйкырчылар да өз сыйкырлары менен ушундай кылып, Мисир жерине курбака каптатышты.

    8:8 Фараон Муса менен Арунду чакырып алып: «Теңирге сыйынгыла, Ал курбакаларды менден, менин элимден жок кылсын. Ошондо мен Ысрайыл элин Теңирге курмандык чалууга коё берем», – деди.

    8:9 Муса фараонго мындай деди: «Сенин жериңдеги, үйлөрүңдөгү курбакалар жок болуп, дарыяларда гана калсын деп, сен үчүн, кулдарың үчүн, элиң үчүн сыйынар убакытты мага өзүң белгиле».

    8:10 Ал: «үртең», – деди. Муса ага: «Сен айткандай болсун, ошондо биздин Кудай-Теңирибиздей үч ким жок экенин билесиң.

    8:11 Курбакалар сенден, үйлөрүңдөн, кулдарыңдан жана элиңден жок болуп, дарыяларда гана калат».

    8:12 Муса менен Арун фараондон чыгышты. Фараондун жерине каптаткан курбакалардан арылтуусун сурап, Муса Теңирге сыйынды.

    8:13 Ошондо Теңир Мусанын айтканындай кылды. Yйлөрдөгү, короолордогу жана талаадагы курбакалар кырылып калды.

    8:14 Аларды эймөк-үймөк кылып жыйып коюшту. Ошондо жер сасып кетти.

    8:15 Фараон жеңилдик болгонун көргөндө, жүрөгүн катуулантып, Теңир айткандай, аларды укпай койду.

    Єчүнчү жаза: майда чиркей

    8:16 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Арунга мындай деп айт: “Таягыңды көтөрүп, жердеги топуракты чап, ошондо топурак майда чиркейге айланып, бүткүл Мисир жерине толуп кетет”».

    8:17 Алар ошондой кылышты. Арун колундагы таягын көтөрүп, топуракты чапканда, адамдарга да, малга да майда чиркейлер жабышты. Бүткүл Мисир жериндеги топурактын баары майда чиркейге айланды.

    8:18 Сыйкырчылар да өз сыйкырлары менен майда чиркей чыгарууга аракет кылышты, бирок чыгара алышкан жок. Ошентип, майда чиркейлер адамдарга да, малга да жабышты.

    8:19 Ошондо сыйкырчылар фараонго: «Бул – Кудайдын колу», – дешти. Бирок фараондун жүрөгү катууланып, Теңир айткандай, аларды укпай койду.

    Төртүнчү жаза: көгөөн

    8:20 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «үртең менен эрте туруп, фараондун алдына бар. Ал сууга чыгат, ошондо сен ага мындай де: Теңир мындай дейт: “Менин элимди коё бер, ал Мага ийбадат кылсын.

    8:21 үгерде элимди коё бербесең, анда Мен сага, сенин кулдарыңа, элиңе, үйлөрүңө көгөөн каптатам, ошондо мисирликтердин үйлөрү, алар жашаган жер көгөөнгө толот.

    8:22 Бирок ошол күнү Менин элим жашаган Гошен жерин бөлүп коём, ал жерде көгөөн болбойт, ошондо жер үстүндөгү Теңир Мен экенимди билесиң.

    8:23 Менин элим менен сенин элиңдин ортосун бөлүп коём. эртең ушул жышаан болот”».

    8:24 Теңир так ошондой кылды: фараондун үйүн, анын кулдарынын үйлөрүн жана бүт Мисир жерин көгөөн каптады. Жер көгөөндөн кыйрап жатты.

    8:25 Ошондо фараон Муса менен Арунду чакырып алып: «Баргыла, Кудайыңарга ушул жерде курмандык чалгыла», – деди.

    8:26 Бирок Муса ага: «Андай кылууга болбойт, анткени Кудай-Теңирибизге арнап чалган курмандыгыбыз мисирликтер үчүн жийиркеничтүү. эгерде мисирликтер үчүн жийиркеничтүү болгон курмандыкты алардын көз алдында чалсак, алар бизди таш бараңга алышпайбы?

    8:27 Биз үч күн жол жүрүп, чөлгө барып, Кудай-Теңирибизге өзү айткандай кылып курмандык чалабыз», – деди.

    8:28 Ошондо фараон: «Мен силерге өзүңөрдүн Кудай-Теңириңерге курмандык чалыш үчүн, чөлгө барууңарга уруксат берем, бирок алыс кетпегиле. Мен үчүн да сыйынып койгула», – деди.

    8:29 Муса ага мындай деди: «Мен азыр сенден чыгып, Теңирге сыйынам, ошондо көгөөндөр сенден, сенин кулдарыңдан, сенин элиңден эртең эле жок болот, бирок сен элди Теңирге курмандык чалууга коё бербей алдаганыңды койгун».

    8:30 Анан Муса фараондон чыгып, Теңирге сыйынды.

    8:31 Ошондо Теңир Мусанын айтканындай кылып, фараондон, анын кулдарынан, анын элинен көгөөндөрдү жок кылды. Бир да көгөөн калган жок.

    8:32 Бирок фараон бул жолу да жүрөгүн катуулантып, элди коё бербей койду.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск