Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иезекииль 19

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    19-БөЛЄМ

    Ысрайыл төрөлөрү үчүн кайгыруу

    19:1 Сен болсо Ысрайыл төрөлөрү үчүн ыйла.

    19:2 Сен мындай де: “Сенин энең эмне деген ургаачы арстан? Ал арстандардын арасында жатар эле, жаш арстандардын арасында өз күчүктөрүн чоңойтор эле.

    19:3 Ал өз күчүктөрүнүн ичинен бирин багып өстүрдү. Ал жаш арстан болду, жем алганды эйрөндү, адамдарды жеди.

    19:4 Ал жөнүндө элдер угушту. Ал элдердин оруна түштү, аны чынжыр менен кишендеп, Мисир жерине алып кетишти.

    19:5 Жаш арстандын энеси күтүп жатып, эмүтү эзүлгөнүнө көзү жеткенде, өз күчүктөрүнүн ичинен башкасын алып, аны жаш арстан кылып өстүрдү.

    19:6 Ал жаш арстан болгон соң, арстандардын арасында жүрүп, жем алганды эйрөнүп, адамдарды жеди.

    19:7 Алардын жесир аялдарын булгады, алардын шаарларын кыйратты. Анын айкырыгынан жер да, анын айыл-кыштактары да кыйрады.

    19:8 Ошондо анын тегерегиндеги аймактардын элдери ага каршы чыгышып, өздөрүнүн торун жайышты. Ал алардын оруна түштү.

    19:9 Аны чынжыр менен кишендеп, капаска салып, Бабыл падышасына алып кетишти. Мындан ары Ысрайыл тоолорунда анын үнү угулбаш үчүн, аны сепилге алып кетишти.

    19:10 Сенин энең суу жүүгине отургузулган жүзүм сабагындай эле. Суунун молдугунан ал бутактуу да, жемиштүү да эле.

    19:11 Бийлөөчүлөрдүн бийлик таягы үчүн анын катуу бутактары бар эле. Анын сөңгөгү калың бутактарынын арасынан бийик көтөрүлдү, ал өзүнүн көп сандаган бутактары менен бийик болуп көрүнүп турду.

    19:12 Бирок ал каар менен жулунуп, жерге ыргытылды, анын жемишин чыгыш шамалы кургатты. Анын катуу бутактары жулунуп, куурап калды, аларды от жалмады.

    19:13 үми болсо ал чөлгө, какшып калган, суусуз жерге отургузулду.

    19:14 Анын бутактарынын сөңгөгүнөн от чыгып, өзүнүн жемиштерин жалмады, анда бийлөөчүнүн бийлик таягы үчүн катуу бутак калбай калды. Бул – муңдуу ыр, ал ый үчүн калат».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск