Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Осия 5

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    5-БөЛЄМ

    Теңирдин эпрайым менен Жүйүттү жазалары жөнүндө

    5:1 Ыйык кызмат кылуучулар, муну уккула, Ысрайыл тукуму, кулак салгыла, падыша үйү, кулак төшөгүлө, себеби силердин үстүңөрдөн сот болот, анткени силер Миспада сыйыртмак, Табордо жайылган тор болдуңар.

    5:2 Алар бузуктукка батып кетишти, бирок Мен алардын бардыгын жазалайм.

    5:3 Мен эпрайымды билем, Ысрайыл да Менден жашыруун эмес, анткени сен, эпрайым, бузуктук кылып жатасың, Ысрайыл булганды.

    5:4 Алардын иштери өз Кудайына кайрылууга жол бербейт, анткени алардын ичинде бузуктук руху бар, алар Теңирди билишпейт.

    5:5 Ысрайылдын текебердиги өзүнө каршы күбөлөндүрүп жатат. Ысрайыл менен эпрайым өздөрүнүн мыйзамсыздыгы үчүн мүдүрүлүшөт, алар менен бирге Жүйүт да мүдүрүлөт.

    5:6 Алар өздөрүнүн койлору жана өгүздөрү менен Теңирди издегени чыгышат, бирок Аны табышпайт. Теңир алардан алыстап кеткен.

    5:7 Алар Теңирге бейопалык кылышты, анткени алардан чоочун балдар төрөлдү. эми душман аларды жаңырган айда мал-мүлкү менен кошо жеп жутат.

    5:8 Гибада мүйүз тарткыла, Рамада сурнай тарткыла. “Бенжемин, артыңда душман!” деп, Бейт-Абенде кыйкыргыла.

    5:9 Жазалоо күнү эпрайым жери эүн калат. Муну Ысрайыл урууларынын арасында Мен кабарладым.

    5:10 Жүйүттүн жол башчылары чек араларды бузуучуларга окшоп калышты: Мен аларга өз каарымды суудай төгөм.

    5:11 үпрайым эзилди, жазаланып талкаланды, анткени ал жалган кудайлардын артынан жүргүсү келген.

    5:12 Мен эпрайым үчүн күбөдөй болом, Жүйүт үчүн курттай болом.

    5:13 үпрайым өз дартын, Жүйүт өз жараатын көрдү. эпрайым Ашурга жөнөдү, Жареп падышасына чабарман жөнөттү. Бирок ал силерди сакайта албайт, силердин жараатыңарды айыктыра албайт.

    5:14 Анткени Мен эпрайым үчүн арстандай, Жүйүт үчүн жаш арстандай болом. Мен, Мен тыткылап туруп, кетип калам; алып кетем, үч ким куткара албайт.

    5:15 Алар өздөрүнүн күнөөкөр экенин мойнуна алып, Менин жүзүмдү издегенге чейин, кетем, Мен өз ордума кайтам.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск