Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Осия 4

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    4-БөЛЄМ

    Ысрайылдын күнөөсүн ашкере кылуу

    4:1 Ысрайыл уулдары, Теңирдин сөзүн уккула! Анткени Теңир бул жердин тургундарын соттойт. Себеби бул жерде акыйкаттык да, боорукердик да, Кудайды таанып билүү да жок.

    4:2 «Ант берүү, алдамчылык, киши өлтүрүү, уурулук кылуу, бузуктук кылуу аябай жайылган, кан төгүүнүн артынан кан төгүү.

    4:3 Ошон үчүн бул жер ыйлайт, анын үстүндө жашагандын баары – талаадагы айбанаттар да, асмандагы канаттуулар да алсырайт, атүгүл, деңиздеги балыктар да кырылат.

    4:4 Бирок бири-бири менен талашып-тартышпасын, бирин-бири ашкерелебесин. Анткени сенин элиң ыйык кызмат кылуучулар менен талашып-тартышкандарга окшош.

    4:5 Сен күндүз мүдүрүлүп жыгыласың, сени менен кошо пайгамбар түн ичинде мүдүрүлүп жыгылат, энеңди жок кылам.

    4:6 үлим Мени таанып билбегендиктен кырылды. Сен таанып билүүнү четке каккандыктан, Мен да сени Менин алдымда ыйык кызмат кылуудан четтетем. Сен өз Кудайыңдын мыйзамын унуткандыктан, Мен да сенин балдарыңды унутам.

    4:7 Алар канчалык көбөйгөн сайын, Мага каршы ошончолук көп күнөө кылып жатышат. Алардын даңкын маскарачылыкка айлантам.

    4:8 Алар Менин элимдин күнөөлөрү менен азыктанып жатышат, алардын жаны анын мыйзамсыздыгына умтулуп жатат.

    4:9 үлге эмне болсо, ыйык кызмат кылуучуга да ошол болот. Аны өзүнүн жолдоруна жараша жазалайм, ага өзүнүн кылган иштерине жараша тиешесин берем.

    4:10 Жешет, бирок тоюшпайт, бузуктук кылышат, бирок көбөйүшпөйт, анткени Теңирге кызмат кылууну таштап коюшкан.

    4:11 Бузуктук, шарап жана ичимдиктер алардын жүрөгүн эүлеп алган.

    Ысрайылдын бутка табынуучулугу

    4:12 Менин элим өзүнүн дарагынан сурап жатат, ага өзүнүн таягы жооп берип жатат. Анткени бузуктук руху аларды адаштырды, алар бузуктук кылып, өз Кудайынан баш тартышты.

    4:13 Алар тоолордун чокуларында курмандык чалып жатышат, дөңсөөлөрдөгү эмен дарактарынын, кайыңдардын жана кара жыгачтардын түбүндө жыпар жыттуу зат түтөтүп жатышат, анткени алардын көлөкөсү жакшы. Ошондуктан кыздарыңар бузуктук кылып жатышат, келиндериңер ойноштук кылып жатышат.

    4:14 Мен бузуктук кылып жаткан кыздарыңарды, ойноштук кылып жаткан келиндериңерди жазалабайм, анткени силер өзүңөр бузулган аялдар менен кошулуп жатасыңар, бузуктук кылгандар менен бирге курмандык чалып жатасыңар, түркөй эл болсо өлүп жатат.

    4:15 Ысрайыл, сен бузуктук кылсаң да, Жүйүт күнөө кылбасын. Гилгалга барбагыла, Бейт-Абенге чыкпагыла, “Теңир тирүү!” деп ант бербегиле.

    4:16 Анткени Ысрайыл өжөр кунажындай өжөр болуп калды, ошон үчүн Теңир эми аларды кенен жайытта козу кайтаргансып кайтармак беле?

    4:17 үпрайым буркандарга байланып калды. Аны буркандары менен калтыр!

    4:18 Алар масы тарагандан кийин бузуктук кылганын улантышат. Алардын төрөлөрү уятсыз иштерди жакшы көрүшөт.

    4:19 Шамал аларды канаттары менен курчап алат, алар өздөрү чалган курмандыктары үчүн уят болушат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск