Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Осия 8

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    8-БөЛЄМ

    Ысрайылдын бутка табынып кеткендиги үчүн ашкерелениши

    8:1 Сурнайды оозуңа ал! Алар Менин келишимимди бузуп, Менин мыйзамымдын чегинен чыкканы үчүн, душман Теңир үйүнө бүркүттөй болуп кол салат.

    8:2 Алар Мага: “Кудайым! Биз, Ысрайыл, Сени таанып билдик!” – деп кыйкырышат.

    8:3 Ысрайыл жакшы нерсени четке какты, аны душман куугунтукка алат.

    8:4 Алар Менсиз эле падышаларды коюп жатышты. Төрөлөрдү коюп жатышты, бирок Мага билдиришкен жок. Күмүштөрү менен алтындарынан өздөрүнө буркандарды жасашты: алардын өлүмү ошондон болду.

    8:5 Самария, сени өзүңдүн музооң таштады! Аларга Менин каарым жалындады. Качанга чейин алар тазалана алышпайт?

    8:6 Анткени ал да – Ысрайылдын иши. Аны сүрөтчү жасады, ошондуктан ал кудай эмес. Самариянын музоосу сыныкка айланат!

    8:7 Алар шамал себишкендиктен, бороон оруп алышат: алардын эгини дан байлабайт, даны ун бербейт, берсе да, аны башкалар жутат.

    8:8 Ысрайыл жутулду. Азыр алар элдер арасында жараксыз идиштей болуп калышты.

    8:9 Алар жалгыз тентип жүргөн жапайы эшектей болуп, Ашурга жөнөштү. эпрайым белектер менен жагынды.

    8:10 Алар башка элдерге белек жиберишкенине карабастан, Мен аларды жакында чогултам, ошондо алар төрөлөрдүн падышасынын эзүүсү астында жабыр тарта башташат.

    8:11 Анткени эпрайым күнөөгө батыш үчүн, курмандык чалынуучу жайларды көбөйттү, ошол курмандык чалынуучу жайлар анын күнөө кылуусуна түрткү болду.

    8:12 Мен аларга өзүмдүн мыйзамдарымдын негиздерин жазып бердим, бирок алар аны бөтөн мыйзам катары эсептешти.

    8:13 Алар курмандыкка Мага арнап эт алып келишет да, аны жешет. Бирок алардын курмандыктары Теңирге жакпайт. Азыр Ал алардын кылмыштарын үстейт, аларды өздөрүнүн күнөөсү үчүн жазалайт: алар Мисирге кайтышат.

    8:14 Анткени Ысрайыл өз Жаратканын унутту, бутканаларды курду, Жүйүт болсо чептүү шаарларды көбөйттү. Бирок Мен анын шаарларына от жиберем, ал анын падыша сарайларын жалмайт».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск