Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Осия 9

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    9-БөЛЄМ

    Ысрайылдын жазаланары жөнүндө

    9:1 Ысрайыл, башка элдерге окшоп кубанба, шаттанба! Анткени сен өз Кудайыңдан алыстап, бузуктук кылып жатасың. Бардык кырмандарда бузуктук тартууларын алганды сүйөсүң.

    9:2 Кырман менен жүзүм сыгылуучу жай аларды бакпайт, алардын жүзүм ширесине болгон эмүтү акталбайт.

    9:3 Алар Теңирдин жеринде жашашпайт: эпрайым Мисирге кайтат, алар Ашурда таза эмес нерсени жешет.

    9:4 Алар Теңирге арнап шарап куюшпайт, Теңирге алардын курмандыктары жакпайт. Алардын наны аза күткөндөрдүн нанындай болот: аны жегендердин бардыгы булганышат, анткени алардын наны – өздөрүнүн жаны үчүн, ал Теңир үйүнө киргизилбейт.

    9:5 Салтанаттуу жыйын күнү жана Теңирдин майрам күнү эмне кыласыңар?

    9:6 Анткени мына, алар кыйроонун айынан качып кетишет. Мисир аларды жыйнайт, Ноп аларды көмөт. Алардын күмүштөн жасалган асыл буюмдарын чалкан басат, алардын чатырларын тикендүү өсүмдүк каптайт.

    9:7 Жазалоо күндөрү келди, тиешеңерди бере турган күндөр келди: Ысрайыл муну билет. Мыйзамсыздыгыңардын көптүгүнөн, кастыгыңардын зордугунан улам, пайгамбарчылык кылган адамды акылсыз, Кудайдын руху жетелеген адамды акылынан адашкан дейсиңер.

    9:8 үпрайымдын коргоочусу – пайгамбар менин Кудайымдын жанында, пайгамбардын бардык жолдоруна тузак тартылган. Анын Кудайынын үйүндө да кастык бар.

    9:9 Алар Гиба күндөрүндөгүдөй күнөөгө батышты, абдан бузулушту. Теңир алардын мыйзамсыздыгын үстейт, аларды өздөрүнүн күнөөлөрү үчүн жазага тартат.

    Күнөөнүн кесепети

    9:10 «Мен Ысрайылды чөлдөн жүзүм тапкандай таптым. Мен силердин ата-бабаларыңарды көргөндө, анжыр дарагынын биринчи мөмөсүн көргөндөй болдум, бирок алар Баал-Пейорго барып, ыпылас иштерге берилип кетишти, өздөрү да сүйгөндөрүнө окшоп жийиркеничтүү болуп калышты.

    9:11 үпрайымдыктардын атак-даңкы куш сыяктуу учуп кетет: бала төрөлбөйт, бойго бүтпөйт, түйүлдүк түйүлбөйт.

    9:12 Алар өз балдарын тарбиялап чоңойтушса да, аларды тартып алам. Анткени Мен алардан четтеп кеткенде, алардын башына кайгы түшөт!

    9:13 Мен эпрайымдын Тирге окшоп эң жакшы жерге отургузулганын көрдүм. Бирок эпрайым өз балдарын киши өлтүргүчкө чыгарып берет».

    9:14 Теңир, аларга бер, аларга Сен эмне бересиң? Аларга төрөбөс жатын, сүтсүз эмчек бер.

    9:15 «Алардын бардык мыйзамсыздыгы Гилгалда: ошол жерде Мен аларды жек көрүп калдым, Мен аларды жаман иштери үчүн өз үйүмдөн кууп чыгарам, аларды мындан ары сүйбөйм. Алардын бардык төрөлөрү – козголоңчулдар.

    9:16 үпрайым кулады, алардын тамыры соолуду, эми алар жемиш беришпейт. Алар төрөсө да, Мен алардын курсагынан чыккан сүйүктүү жемишин өлтүрүп салам».

    9:17 Кудайым аларды четке кагат, анткени алар Ага кулак салышкан жок, ошондуктан алар элдердин арасында тентип жүргөн эл болот.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск