Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Осия 10

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    10-БөЛЄМ

    Ысрайылдын мыйзамсыздыгынын жемиши

    10:1 Ысрайыл – жемишти көп берген жүзүм сабагы. Ал өзүнүн жемиши канчалык көбөйгөн сайын, курмандык чалынуучу жайларын ошончолук көбөйттү. Анын жерлери канчалык жакшы болгон сайын, жасалма кудайларын ошончолук кооздоп жатат.

    10:2 Алардын жүрөгү бөлүндү, ошон үчүн алар жазаланышат: алардын курмандык чалынуучу жайлары талкаланат, жасалма кудайлары кыйратылат.

    10:3 Азыр алар: «Биздин падышабыз жок, анткени биз Теңирден корккон эмеспиз! Ал эми падыша бизге эмне кыла алат?» – деп жатышат.

    10:4 Алар курулай сөздөрдү сүйлөп жатышат, жалган ант берип жатышат, келишимдерди түзүп жатышат. Ошон үчүн алардын үстүнөн боло турган сот талаанын бороздоруна чыккан уу чөптөй болуп өсүп чыгат.

    10:5 «Самария тургундары Бейт-Абендеги музоо үчүн титирешет. Анын эли ал үчүн ыйлайт. Ал тууралуу кубанган анын буткана кызматчылары анын атак-даңкы жөнүндө ыйлашат, анткени андан атак-даңк кетет.

    10:6 Ал өзү да Жареп падышага тартуу катары Ашурга жөнөтүлөт. эпрайым уятка калат, Ысрайыл өз ою үчүн маскара болот.

    10:7 Самариянын падышасы суунун үстүндөгү көбүк сыяктуу жоголот.

    10:8 Ысрайылдын күнөөсү болгон Абен бутканалары талкаланат. Алардын курмандык чалынуучу жайларына тикенек жана төө тикен өсүп чыгат. Алар тоолорго: “Бизди жапкыла!” – дешет, адырларга: “Биздин үстүбүзгө кулагыла!” – дешет.

    10:9 Ысрайыл, сен Гиба күндөрүнөн бери күнөө кылып келе жатасың. Алар күнөө кылууну токтотушкан жок. Мыйзамсыздыктын уулдарына каршы Гибада болгон согуш бизге жетпейт деп ойлошобу?

    10:10 Мен аларды өзүмдүн каалоом боюнча жазалайм, аларга каршы элдер чогулат, алар өздөрүнүн эки кылмышы үчүн байлоого алынышат.

    10:11 үпрайым – эйрөтүлгөн, дан бастырууну жакшы көргөн кунажын, анын жоон мойнуна моюнтурукту Мен өзүм салам. эпрайымды минишет, Жүйүт жер айдайт, Жакып малалайт.

    10:12 Адилеттикти сепкиле, ырайымдуулукту оруп аласынар. Дың жериңерди айдагыла, ошондо Ал келип, үстүңөргө адилдикти жамгырдай төгөт, анткени Теңирди издей турган убакыт келди.

    10:13 Силер жамандыкты эккенсиңер, ошондуктан мыйзамсыздыкты оруп алып жатасыңар, жалганчылыктын жемишин жеп жатасыңар, анткени сен өз жолуңа жана жоокерлериңдин көптүгүнө эмүттөнгөнсүң.

    10:14 Ошон үчүн сенин элиңдин ичинде дүрбөлөң болот, согуш күнү Шалман Бейт-Арбелди кыйраткандай, сенин бардык сепилдүү шаарларың кыйрайт: ошол согушта энеси балдары менен кошо өлтүрүлгөн.

    10:15 Силердин чектен чыккан жаман иштериңер үчүн, Бейтел силерге мына ушуну кылат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск