Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Осия 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    Ашур кулчулугу

    11:1 Таң атканда Ысрайыл падышасы өлөт! Ысрайылды Мен жаш чагынан сүйдүм, Мен уулумду Мисирден чакырып алдым.

    11:2 Аларды чакырып жатышты, бирок алар улам алыстап жатышты. Алар Баалга арнап курмандык чалып, буркандарга жыпар жыттуу зат түтөтүп жатышты.

    11:3 Мен өзүм эпрайымга басканды эйрөткөм, аны өз колума салып көтөрүп жүргөм, алар болсо өздөрүн айыктырып турган Мен экенимди билишкен жок.

    11:4 Мен аларды адамдык байланыш менен, сүйүү байланышы менен алып жүрдүм, Мен алар үчүн алардын ооздугун алып салган кишидей болдум, үңкейип, аларга тамак берип турдум.

    11:5 Ал Мисирге кайра барбайт, бирок Ашур анын падышасы болот, анткени алар Мага кайрылууну каалашкан жок.

    11:6 Ошон үчүн анын шаарларына кылыч шилтенет, дарбазаларын талкалайт, аларды өздөрүнүн жаман ойлору үчүн жеп жутат.

    11:7 Менин элим Менден баш тартканын койгон жок, аны жогору жакка чакырышса да, анын ичинен үч ким көтөрүлгөн жок.

    Кудайдын өз элине боор ооруусу

    11:8 үпрайым, сени кантип салып берейин? Ысрайыл, сени кантип таштап коёюн? Сага кантип Адамага кылгандай, Себоимге кылгандай кылайын? Менин жүрөгүм өзгөрүлдү, Менин бүт аёом ойгонду.

    11:9 Мен өзүмдүн катуу каарым боюнча кылбайм, эпрайымды жок кылбайм, анткени Мен Кудаймын, адам эмесмин. Силердин араңарда Ыйыкмын. Мен жок кылуучу каарым менен келбейм.

    11:10 Алар арстанга окшоп эн салган Теңирдин артынан жөнөшөт, Ал эн салганда, батыштагы уулдар титиреп келишет.

    11:11 Алар Мисирден куштардай болуп, Ашур жеринен көгүчкөндөрдөй болуп талпынып келишет, ошондо Мен аларды үйлөрүнө киргизем, – дейт Теңир.

    Ысрайыл менен Жүйүттү айыптоо

    11:12 үпрайым Мени алдамчылык менен, Ысрайыл амалкөйлүк менен курчады. Жүйүт болсо Кудайга, ишенимдүү Ыйыкка, ишенимдүү болгон жок».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск