Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 11

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    11-БөЛЄМ

    үмануелдин падышачылыгы

    11:1 Жышайдын тамырынан бутак чыгат, анын тамырынан жаш бутак өсүп чыгат.

    11:2 Анын үстүнө Теңирдин Руху, даанышмандык жана акылмандык руху, кеңеш жана күч руху, билим жана Теңирден коркуу руху түшөт.

    11:3 Ал Теңирден коркуу рухуна толот, өзүнүн көзү менен көргөнү боюнча соттобойт, өзүнүн кулагы менен укканы боюнча иш чечпейт.

    11:4 Ал алсыздарды адилеттик менен соттойт, жерде азап чеккендердин ишин акыйкаттык менен чечет. Ал оозунун таягы менен жерди кыйратат, оозунун руху менен мыйзамсызды өлтүрөт.

    11:5 Чындык Анын ичинин курчоосу болот, акыйкаттык Анын белиндеги куру болот.

    11:6 Ошондо карышкыр козу менен бирге жашайт, илбирс улак менен бирге жатат. Музоо, жаш арстан, өгүз бирге болушат, алардын баарын жаш бала жетелейт.

    11:7 Уй ургаачы аюу менен бирге жайылып жүрөт, алардын балдары да бирге жатышат. Арстан өгүздөй болуп чөп жейт.

    11:8 үмчектеги наристе уулуу жыландын ийнинин үстүндө ойнойт, эмчектен чыккан бала жыландын ийнине колун салат.

    11:9 Менин ыйык тоомдун бүт жеринде жамандык кылышпайт, зыян келтиришпейт, анткени деңиз сууга толгонсуп, жер Кудайдын билимине толот.

    Машайак жана Ысрайылдын калыбына келтирилиши

    11:10 Ошол күнү мындай болот: элдер үчүн белги боло турган Жышайдын тамырына бутпарас элдер кайрылышат, анын даңкы тынчтык болот.

    11:11 Ошол күнү мындай болот: Ашурда, Мисирде, Патросто, Кушта, эйламда, Шинарда, Хаматта жана деңиз аралдарында калган өз элинин калдыгын кайрып келиш үчүн, Теңир кайрадан колун сунат.

    11:12 Теңир ал бутпарас элдерге белги берип, Ысрайылдын куулуп кеткендерин чогултат, Жүйүттүн чачырап кеткендерин төгөрөктүн төрт бурчунан чакырып алат.

    11:13 үпрайымдын көз артуусу жоголот, Жүйүткө каршы кастык кылгандар кырылат. эпрайым Жүйүткө көз артпай калат, Жүйүт да эпрайымга кысым көрсөтпөй калат.

    11:14 Алар пелиштиликтердин жонуна минип, батышка учуп барышат, чыгыштын бүт уулдарын талап-тоношот. эдом менен Маапка кол салышат, Амондун уулдары алардын кол астына өтөт.

    11:15 Анан Теңир Мисир деңизинин булуңун кургатат, өзүнүн колун сунуп, өзүнүн катуу шамалы менен аны жети өзөнгө бөлөт, ошондо андан сандалын чечпей өтө алышат.

    11:16 Ошондо Ысрайыл эли үчүн Мисир жеринен чыккан күнү чоң жол салынгандай, Ашурда калган өз элинин калдыгы үчүн чоң жол салынат.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск