Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 20

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    20-БөЛЄМ

    Пайгамбардын жышааны

    20:1 Ашур падышасы Саргон жиберген тартан Азотко келип, ага каршы согушуп, аны басып алды.

    20:2 Ошол жылы Амос уулу Ышайага Теңир: «Бар, белиңден зумбалыңды чеч, бутуңдагы сандалыңды чеч», – деп айтты. Ал так ошондой кылды. Жылаңач жана жылаңайлак жүрдү.

    20:3 Анан Теңир мындай деди: «Менин кулум Ышайа Мисир менен эфиопия жөнүндө көрсөтмө жана жышаан болуп, үч жыл жылаңач жана жылаңайлак жүргөндөй,

    20:4 Ашур падышасы Мисирди уят кылып, Мисир туткундарын, эфиопиянын куугунтукталып жүргөндөрүн, жаш-кары дебей, жылаңач, жылаңайлак кылып, белине чейин жылаңачтап алып жөнөйт».

    20:5 Ошондо өздөрү эмүт кылган эфиопияны, өздөрү мактанган Мисирди көрүп эрөйлөрү учуп, уялышат.

    20:6 Ошол күнү ушул өлкөнүн тургундары: «Ашур падышасынан куткарылышыбыз үчүн биз эмүттөнгөн эфиопияга, биз жардам сурап кайрылган Мисирге мына эмне болду? эми биз кантип куткарылабыз?» – дешет.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск