Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 21

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    21-БөЛЄМ

    Бабылдын кулары жөнүндөгү көрүнүш

    21:1 Деңиз жүүгиндеги чөл тууралуу пайгамбарчылык. Түштүктө учуп жүргөн бороондой болуп, ал чөлдөн, коркунучтуу жерден келе жатат.

    21:2 Мага коркунучтуу көрүнүш көрсөтүлдү: талоончу талап жатат, кыйратуучу кыйратып жатат. Тур, эйлам! Мадай, курчоого ал! Мен бардык муң-зарды токтотом!

    21:3 Ошондуктан бүткөн боюм титиреп жатат, мен төрөп жаткан аялдай толгоо тартып жатам, төрөп жаткан аялдай кыйналып жатам. Мен эмнени угуп жатсам, ошондон толкунданып жатам; мен эмнени көрүп жатсам, ошондон коркуп жатам.

    21:4 Жүрөгүм дүкүлдөп, калтырап коркуп жатам. Мен үчүн кубанычтуу болгон түн коркунучтуу түнгө айланды.

    21:5 Yстөл даярдап жатышат, дасторкон жайып жатышат, ичип-жеп жатышат. Тургула, төрөлөр, калканыңарды майлагыла!

    21:6 Анткени Теңир мага: «Бар, күзөт кой. Ал көргөнүн айтып турсун», – деп айтты.

    21:7 Ошондо ал эки-үкиден болуп келе жаткан атчан, эшекчен, төөчөн адамдарды көрдү. Ал көңүл коюп, бүт дитин коюп кулак төшөдү.

    21:8 Анан арстандай болуп мындай деп кыйкырды: «Мырзам, мен күзөттө күн бою турдум, түн бою өз ордумда турдум.

    21:9 Мына, адамдар – эки-үкиден атчандар келе жатышат». Андан кийин ал мындай деп кыйкырды: «Кулады, Бабыл кулады. Анын бардык жасалма кудайлары жерде талкаланып жатат».

    21:10 Оо, менин бастырылган уулум, менин кырманымдын уулу! Мен Ысрайыл Кудайы Себайот Теңирден эмнени уксам, ошону силерге кабарладым.

    үдом жөнүндөгү пайгамбарчылык

    21:11 Дума тууралуу пайгамбарчылык. Мага Сеирден: «Күзөтчү! Түндүн канчасы калды? Күзөтчү! Таң атканга канча калды?» – деп кыйкырып жатышат.

    21:12 Күзөтчү: «Таң сүрүп келе жатат, бирок али түн. эгерде сурагыңар келсе, сурагыла, кайра келгиле», – деп жооп берди.

    Аравия жөнүндөгү пайгамбарчылык

    21:13 Аравия тууралуу пайгамбарчылык: «Дыдан кербендери, Аравиянын токоюна түнөгүлө!

    21:14 Тейма жеринде жашагандар! Суусагандардын алдынан суу көтөрүп тосуп чыккыла, качкындарды нан менен тосуп алгыла.

    21:15 Анткени алар сунулган кылычтан, тартылган жаадан, согуштун катаалдыгынан качып келе жатышат».

    21:16 Анткени Теңир мага мындай деп айтты: «Жалданган жыл боюнча эсептегенде, бир жылдан кийин Кейдардын бүткүл атак-даңкы жок болот.

    21:17 Ошентип, Кейдардын тайманбас уулдарынын жаалары да аз калат». Анткени Ысрайыл Кудайы, Теңир, ушинтип айтты.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск