Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 55

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    55-БөЛЄМ

    Ырайымдын негизинде куткарылуу

    55:1 «Суусагандар, баарыңар сууга келгиле! Атүгүл, күмүшү жоктор, силер да келгиле, сатып алып жегиле. Келгиле, күмүшсүз сатып алгыла, шарап менен сүттү бекер алгыла!

    55:2 Силер эмнеге нан эмес нерсеге күмүш тартып берип жатасыңар, эмнеге тойгузбаган нерсеге эмгек акыңарды берип жатасыңар? Мени кунт коюп уккула, жакшы нерсени жегиле, силердин жаныңар майдан ыракат алсын.

    55:3 Кулак төшөп, Мага келгиле. Мени уккула, ошондо жаныңар тирүү болот. Мен силерге Дөөткө убада кылган түбөлүк келишимимди, өзгөрүлбөс ырайымдарымды берем.

    55:4 Мына, Мен Аны элдер үчүн күбө кылып бердим, элдерге жол башчы жана насаатчы кылып бердим.

    55:5 Мына, сен өзүң билбеген элди чакырып аласың, сени билбеген элдер да сенин Кудай-Теңириң үчүн, Ысрайылдын Ыйыгы үчүн, сага келгенге шашылышат. Анткени Ал сени даңктады».

    55:6 Теңирди тапканга мүмкүн болуп турганда, Аны издегиле. Ал жакын турганда, Аны чакыргыла.

    55:7 Күнөөкөр өз жолун, мыйзамсыз жаман ойлорун таштап, Теңирге кайрылсын. Ошондо Ал ага ырайым кылат, биздин Кудайга кайрылсын, анткени Ал өтө ырайымдуу.

    55:8 «Менин ойлорум силердин ойлоруңар эмес, Менин жолдорум силердин жолдоруңар эмес, – дейт Теңир.

    55:9 Асман жерден канчалык бийик болсо, Менин жолдорум силердин жолдоруңардан ошончолук бийик, Менин ойлорум силердин ойлоруңардан бийик.

    55:10 Анткени жамгыр менен кар асмандан түшөт, асманга кайтпайт, жерди сугарат, аны өндүргөнгө жана өстүргөнгө жөндөмдүү кылат, ошондо ал эрөн сепкен адамга эрөн, жей турган адамга нан берет.

    55:11 Ошол сымал Менин оозумдан чыккан сөз да кайра өзүмө бекер кайрылып келбейт. Мен эмнени кааласам, ошону аткарат, Мен аны эмнеге жиберсем, ошону жүзөгө ашырат».

    55:12 Ошентип, силер кубаныч менен чыгасыңар, силерди тынчтык менен узатышат. Силердин алдыңарда тоолор жана адырлар ырдайт, талаадагы бардык бак-дарактар силерге кол чабат.

    55:13 Тикенектин ордуна кипарис өсөт, чалкандын ордуна мирт өсөт. Бул Теңирдин даңкы үчүн, түбөлүктүү, кыйрагыс жышаан үчүн болот.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск