Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 54

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    54-БөЛЄМ

    Калыбына келтирилген жана акталган Ысрайыл

    54:1 «Кубан, баласы жок, төрөбөс аял! Кубанып кыйкыр, катуу эн сал, толгоо тартып кыйналбаган аял! Анткени күйөөсү бар аялга караганда күйөөсү таштап кеткен аялдын балдары көп», – дейт Теңир.

    54:2 Чатырыңдын турган ордун чоңойт, турак жайыңдын жабууларын кеңейт. Уялба, аркандарыңды узун ташта, казыктарыңды орнот.

    54:3 Анткени сен оңго да, солго да жайыласың, сенин тукумуң элдерди каратып алып, бош калган шаарларга отурукташат.

    54:4 Коркпо, анткени уятка калбайсың. Уялба, анткени маскара болбойсуң, жаш чагыңда маскара болгонуңду унутасың, мындан ары жесирлигиңдин айынан жаманатты болгонуңду үстебейсиң.

    54:5 Анткени сенин Жаратканың – сенин күйөөң. Анын ысымы – Себайот Теңир, сенин Куткаруучуң – Ысрайылдын Ыйыгы. Ал бүт жер жүзүнүн Кудайы деп аталат.

    54:6 Анткени Теңир сени күйөөсү таштап кеткен, кайгыга баткан аялды чакыргандай, жаш кезинде аялдыкка алынып, кийин четке кагылган аялды чакыргандай чакырып жатат, – дейт сенин Кудайың.

    54:7 Мен сени аз убакытка таштагам, бирок улуу ырайым менен кабыл алам.

    54:8 Каарым кайнап турганда, Мен сенден өз жүзүмдү убактылуу жашырдым, бирок сага түбөлүктүү ырайым менен ырайым кылам, – дейт сенин Куткаруучуң, Теңир.

    54:9 Анткени бул Мен үчүн Нухтун учурундагы суулардай: Мен мындан ары Нухтун учурундагыдай суулар жерди каптабайт деп ант бергендей, сага каарданбайм, сени жемелебейм деп ант бердим.

    54:10 Тоолор жылат, дөңсөөлөр солкулдайт, бирок Менин ырайымым сенден четтебейт, Менин тынчтык келишимим бузулбайт», – дейт сага ырайым кылуучу Теңир.

    Жаңы Иерусалим

    54:11 «Бороон учурган, сооротулбаган байкуш! Мен сенин таштарыңды кызыл лаалдын үстүнө коём, пайдубалыңды көк жакуттан тургузам.

    54:12 Терезелериңди кызыл лаалдан, дарбазаңды берметтен, дубал-коргондоруңдун баарын асыл таштардан жасайм.

    54:13 Сенин уулдарыңдын баарын Теңир эйрөтөт, уулдарыңда улуу тынчтык болот.

    54:14 Сен акыйкаттык менен бекемделесиң, эзүүдөн алыс болосуң, анткени сен корко турган үч нерсе жок, коркунучтан да коркпойсуң, анткени ал сага жакын жолобойт.

    54:15 Сага каршы куралданып чыгышат, бирок Менден эмес. Сага каршы ким куралданып чыкпасын, ал өлөт.

    54:16 Мен темир устаны жараттым, ал оттогу чокту үйлөп, өзүнүн иши үчүн курал жасайт, кырыш үчүн Мен кыруучуну жараттым.

    54:17 Сага каршы жасалган бир да курал сени жеңе албайт, сени менен сотто талашып-тартышкан ар бир тилди сен айыптайсың. Бул – Теңирдин кулдарына Мен берген мурас жана адилдик», – дейт Теңир.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск