Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 53

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    53-БөЛЄМ

    53:1 Бизден уккан кабарга ким ишенди? Теңирдин күчү кимге көрсөтүлдү?

    53:2 Анткени Ал Анын алдында кургак жерден өсүп чыккан жаш бутакка жана тамырга окшоп чыкты. Анда келишимдүү келбет да, улуулук да жок эле. Биз Аны көрдүк, бирок Анын сырткы көрүнүшүндө бизди өзүнө тарта турган үч нерсе жок эле.

    53:3 Ал жек көрүндү болду, адамдардын алдында кемсинтилди. Ал – кайгы тарткан, оорунун эмне экенин билген адам, биз Андан жүзүбүздү ала качтык. Ал жек көрүндү болду, биз Аны урматтаган жокпуз.

    53:4 Бирок Ал биздин кеселдерибизди өзүнө алды, ооруларыбызды алып кетти, биз болсо Аны Кудай урду, жазалады жана кемсинтти деп ойлодук.

    53:5 Бирок Ал биздин күнөөлөрүбүз үчүн жарадар болду, биздин мыйзамсыздыктарыбыз үчүн кыйналды. Бизге тынчтык болуш үчүн, Ал жазага тартылды, биз Анын жарааты менен айыктык.

    53:6 Биз баарыбыз койлордой болуп адашып жүрдүк, ар кимибиз өз жолубузга бурулуп кеттик, ошондо Теңир баарыбыздын күнөөлөрүбүздү Анын мойнуна жүктөдү.

    53:7 Аны катуу кыйнашты, бирок Ал кыйналганда, эн чыгарган жок. Ал союлуш үчүн жетеленип келген козу сыяктуу, кыркмачынын алдында энсүз жаткан кой сыяктуу эн чыгарган жок.

    53:8 Ал камактан жана соттон алынды, бирок Анын санжырасын ким айтып бере алат? Анткени Ал тирүүлөрдүн жеринен бөлүнүп алынды, Менин элимдин кылмыштары үчүн өлүм жазасына тартылды.

    53:9 Ага кылмышкерлер менен бирге мүрзө даярдашты, бирок Ал байдын мүрзөсүнө коюлду, анткени Ал күнөө кылган эмес, Анын оозунан жалган сөз чыккан эмес.

    53:10 Бирок Теңир Анын кыйналуусун туура көрдү, ошондуктан Ал Аны азапка салды. өз жанын айып үчүн чалынуучу курмандыкка чалгандан кийин, Ал узак жашаган укум-тукумун көрөт, ошондо Теңирдин эрки өзүнүн колу менен ийгиликтүү ишке ашат.

    53:11 «Ал өз жанынын эрдигине ыраазы болуу менен карайт. өзүнүн таанып билүүсү аркылуу Менин адилет Кулум көп адамдарды актайт, алардын күнөөлөрүн өз мойнуна көтөрөт.

    53:12 Ошондуктан Мен Ага улуулардын арасынан элүш берем, Ал күчтүүлөр менен олжо бөлүшөт. Анткени Ал өз жанын өлүмгө кыйды, кылмышкер катары эсептелди, көптөрдүн күнөөсүн өз мойнуна алды, кылмышкерлер үчүн арачы болду».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск