Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 52

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    52-БөЛЄМ

    Кудайдын Иерусалимди куткарары жөнүндө

    52:1 Тур, тур, күчтөн, Сион! Ыйык шаар Иерусалим, өзүңдүн улуулугуңдун кийимин кий! Анткени мындан ары сага сүннөткө отургузулбагандар, таза эместер кирбейт.

    52:2 өзүңдөн чаңды күбүп сал, тур, туткун Иерусалим! Сиондун туткун кызы, мойнуңдагы чынжырды чеч!

    52:3 Анткени Кудай-Теңир мындай дейт: «Силер бекер сатылдыңар, кайра күмүшсүз сатылып алынасыңар».

    52:4 Анткени Теңир мындай дейт: «Мурун Менин элим Мисирге жашап туруш үчүн барган, Ашур аны үч себепсиз эзген.

    52:5 үми Менин бул жерде эмнем бар? – дейт Теңир. Менин элим бекер алынды, анын башчылары каарданып жатышат, – дейт Теңир. Менин ысымыма дайыма, күн сайын тил тийгизип жатышат.

    52:6 Ошондуктан Менин элим Менин ысымымды билишет. Ошондуктан ошол күнү “Мен мына!” деп айткан Мен ошол эле Теңир экенимди билишет».

    52:7 Сионго: «Сенин Кудайың падышачылык кылып жатат!» – деп айткан, куткарууну жар салган, кубанычты сүйүнчүлөгөн, тынчтыкты кабарлаган тоодогу жакшы кабарчынын буттары кандай сонун!

    52:8 Сенин күзөтчүлөрүңдүн үнү чыгып жатат, алар үнүн катуу чыгарышты, баары бирге кубанып жатышат, анткени алар Теңирдин Сионго кайтып келе жатканын өз көздөрү менен көрүп жатышат.

    52:9 Шаттангыла, Иерусалимдин урандылары, чогуу ырдагыла, анткени Теңир өз элин сооротту, Иерусалимди кун төлөп куткарды!

    52:10 Теңир өзүнүн ыйык каруу-булчуңун бүт элдердин көз алдында көрсөттү. Ошондо бүт дүйнө жүзү Теңирибиздин куткаруусун көрөт.

    52:11 Кеткиле, кеткиле, ал жерден чыккыла, таза эмес нерселерге тийбегиле! Теңирдин идиштерин көтөрүп жүргөндөр, алардын чөйрөсүнөн чыккыла, өзүңөрдү тазалагыла.

    52:12 Анткени силер шашпай чыгасыңар, чуркап кетпейсиңер. Анткени силердин алдыңарда Теңир барат, артыңарда Ысрайылдын Кудайы сактоочу болот.

    Машайактын азап чегери жөнүндө

    52:13 «Менин кулум ийгиликке жетишет, көтөрүлөт, көкөлөйт, даңазаланат!

    52:14 Сени көрүп, көп адамдар ушунчалык таң калышты, анткени үч бир адамдын жүзү Анын жүзүндөй бузулган эмес, адам баласынын өңү Анын өңэндөй бузулган эмес.

    52:15 Ал көп элдерди ушинтип таң калтырат. Падышалар Анын алдында ооздорун жабышат, анткени алар өздөрүнө айтылбаган нерселерди көрүшөт, укпаган нерселерин билишет».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск