Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 51

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    51-БөЛЄМ

    Ысрайылга айтылган сооротуу сөздөрү

    51:1 Чындыкка умтулгандар, Теңирди издегендер, Мага кулак салгыла! өзүңөр чабылып алынган асканы, өзүңөр суурулуп алынган чуңкурдун тереңин карагыла.

    51:2 Атаңар Ыбрайымды жана силерди төрөгөн Саараны карагыла, анткени Мен жалгыз аны чакырдым, ага батамды берип, аны көбөйттүм».

    51:3 Теңир Сионду ушинтип сооротот, анын бүт урандыларын сооротот, анын чөлдөрүн бейиштей кылат, эүн талааларын Теңирдин багындай кылат. Ал жерде кубаныч жана шаттык болот, даңктоо сөздөр жана ырлар болот.

    51:4 «үлим, Мени ук! Уруум, Мага кулак сал! Анткени мыйзам Менден чыгат, өзүмдүн акыйкаттыгымды элдер үчүн жарык кылып коём.

    51:5 Менин чындыгым жакын. Менин куткаруум чыгып келе жатат. Менин каруу-булчуңум элдерди соттойт. Аралдар Менден эмүттөнүшөт, Менин каруу-булчуңума таянышат.

    51:6 Башыңарды көтөрүп, асманды карагыла, төмөн жактагы жерди карагыла, анткени асман түтүндөй болуп жок болуп кетет, жер кийимдей эскирет, анын тургундары да өлүп жок болушат. Ал эми Менин куткаруум түбөлүк турат, Менин чындыгым жок болбойт.

    51:7 Чындыкты билгендер, жүрөгүндө Менин мыйзамымды сактаган эл, Мага кулак салгыла! Адамдардын акарат айтканынан коркпогула, алардын жаман сөздөрүнөн эрөйүңөр учпасын.

    51:8 Анткени күбө аларды кийим жегендей жейт, курт аларды жүн жегендей жейт. Ал эми Менин чындыгым түбөлүк турат, Менин куткаруум кылымдан кылымга турат».

    51:9 Тур, тур, Теңирдин каруу-булчуңу, күч менен курчан! Байыркы күндөрдөгүдөй, байыркы тукумдардын убагындагыдай тур! Раапты жара чапкан сен эмес белең? Ажыдаарды өлтүргөн сен эмес белең?

    51:10 Деңизди, зор туңгуюктун сууларын кургаткан, куткарылгандар өтсүн деп, деңиз тереңдиктерин жолго айланткан сен эмес белең?

    51:11 Теңир куткарган адамдар кайрылып келишет, Сионго ыр менен келишет, алардын башында түбөлүк кубаныч болот, алар кубанышат жана шаттанышат, кайгы менен эшкүрүк жоголот.

    51:12 «Мен, Мен өзүм силердин Сооротуучуңар болом. өлө турган адамдан, чөптөн айырмасы жок адам баласынан корккон сен кимсиң?

    51:13 Асманды жайган, жерди негиздеген өзүңдүн Теңириңди, Жаратканыңды, сен эсиңден чыгарып жатасың. эзүүчү жок кылганга даяр тургансып, дайыма, күн сайын анын каарынан коркосуң. Бирок эзүүчүнүн каары кана?

    51:14 Жакында туткун эркиндикке чыгарылат, чуңкурда өлбөйт, нанга муктаж болбойт.

    51:15 Мен сенин деңизди толкуткан Кудай-Теңириңмин, ошондуктан анын толкундары шарпылдап жатат. Анын ысымы – Себайот Теңир.

    51:16 Асманды жайгаштырыш үчүн, жерди негиздеш үчүн, Сионго: “Сен Менин элимсиң!” – деш үчүн, Мен өзүмдүн сөздөрүмдү сенин оозуңа салам, өзүмдүн колумдун көлөкөсү менен сени жабам».

    Иерусалимдин душмандарынан өч алуу жөнүндө

    51:17 Ойгон, ойгон, Иерусалим, тур, сен Теңирдин колунан Анын каарына толгон чөйчөктү ичтиң, мас кылуучу чөйчөктү түбүнө чейин калтырбай ичтиң!

    51:18 Андан төрөлгөн уулдардын ичинен аны алып жүрүүгө үч ким чыккан жок, ал өстүргөн уулдардын ичинен аны колунан кармап жүрүүгө үч ким болгон жок.

    51:19 Сени эки кырсык басты, сени ким аяйт? Талкалануу, кыргын, ачарчылык жана кылыч: сени ким сооротот?

    51:20 Сенин уулдарың алсырап калышты, бардык көчөлөрдүн булуң-бурчунда Теңирдин каарына, Кудайыңдын ачуусуна толгон торго түшкөн жейрендердей болуп жатышат.

    51:21 Ошондуктан, азап чегүүчү жана шарап ичпей мас болгон адам, муну ук.

    51:22 Сенин Теңириң, өз эли үчүн өч алуучу Кудайың жана Теңириң мындай дейт: «Мен сенин колуңдан мас кылуучу чөйчөктү, Менин каарыма толгон чөйчөктөгү ачыткыны алып жатам: сен эми аларды ичпейсиң.

    51:23 Мен ал чөйчөктү сени кыйноочулардын колуна берем. Алар сага: “Төмөн жыгыл, биз сенин үстүңөн өтөлү”, – дешкен. Сен өзүңдүн кыр аркаңды нары-бери өткөндөр үчүн жердей жана көчөдөй кылгансың».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск