Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 56

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    56-БөЛЄМ

    Бардык элдерге сунуш кылынган куткарылуу

    56:1 Теңир мындай дейт: «Акыйкаттыкты сактагыла, чындыкты жараткыла, анткени Мен куткара турган, Менин адилеттигим көрсөтүлө турган мезгил жакындап калды.

    56:2 Муну кылган адам бактылуу, муну бекем кармаган, ишембини сактап, аны булгабаган, жамандык кылуудан колун сактаган адам уулу бактылуу».

    56:3 Теңирге кошулган бөтөн уруунун уулу: «Теңир мени өз элинен таптакыр бөлүп салды», – деп айтпасын, эбнух: «Мен куураган жыгачмын», – деп айтпасын.

    56:4 Анткени Теңир эбнухтар жөнүндө мындай дейт: «Менин ишембилеримди сактап, Менин эркимди аткарууну тандап, Менин келишимимди бек сактагандарга

    56:5 Мен өз үйүмдөн жана өз дубалдарымдан уулдар менен кыздардыкына караганда жакшы орун жана ысым берем. Аларга жок болбой турган түбөлүктүү ысым берем.

    56:6 Теңирге кызмат кылыш үчүн, Аны сүйүш үчүн, Анын кулу болуш үчүн, Ага кошулган бөтөн уруулардын уулдарын, ыйык ишембини сактап, аны булгабагандардын жана Менин келишимимди бек сактагандардын баарын

    56:7 Мен өзүмдүн ыйык тоомо алып келип, аларды өзүмдүн сыйынуу үйүмдө кубантам. Менин курмандык чалынуучу жайымда алардын бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктары жана башка курмандыктары Мага жагымдуу болот, анткени Менин үйүм бардык элдер үчүн сыйынуу үйү деп аталат».

    56:8 Чачырап кеткен ысрайылдыктарды жыйнап жаткан Кудай-Теңир мындай дейт: «Жыйналган ысрайылдыктарга кошуп, Мен башкаларды да жыйнайм».

    Адилетсиз жол башчылардын жазаланары жөнүндө

    56:9 Талаадагы бүт жырткычтар, токойдогу бүт айбандар, тамак жегени келгиле!

    56:10 Алардын сакчыларынын баары – сокур жана түркөй адамдар. Алардын баары – дудук дөбөттөр, эрө алышпайт, жөөлүшөт, жатышат, уйкуну жакшы көрүшөт.

    56:11 Алар – ач көз, тойгонду билбеген дөбөттөр. Алар – түшүнүгү жок кайтаруучулар. Ар бири өз жолуна бурулуп кетти, баары өз керт башынын кызыкчылыгын ойлойт.

    56:12 Алар: «Келгиле, мен шарап табам, күчтүү ичимдикке тоёбуз. эртең да бүгүнкүдөй болот, мындан да көп болот», – дешет.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск