Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 57

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    57-БөЛЄМ

    Бутка табынуучулардын жазаланары жөнүндө

    57:1 Адил адам өлөт, бирок үч ким анын өлгөнүн жүрөгүнө кабыл кылбайт. Такыбаа адамдар жерден алынат, адил адамдын жамандыктан куткарылып алынганын үч ким түшүнбөйт.

    57:2 Ал тынч жайга кетет. Түз жол менен жүргөндөр өз төшөгүндө тынч жатышат.

    57:3 «Силер болсо бери келгиле, сыйкырчынын уулдары, бузулган адамдын жана аягы суюк аялдын тукуму!

    57:4 Силер кимди шылдыңдап жатасыңар? Кимге каршы оозуңарды ачып, тилиңерди кимге чыгарып жатасыңар? Силер кылмыштын балдарысыңар, калптын тукумусуңар.

    57:5 Ар бир жашыл дарактын түбүндөгү буркандарга кумардангандар, суу жүүктеринде, аскалардын жаракаларында балдарды сойгондор силер эмес белеңер?

    57:6 Сенин элүшүң суулардын жылма таштарында. Алар, алар сенин элүшүң. Аларга сен куюлуучу курмандыкты куясың, курмандыктарды чаласың: Мен буга ыраазы болмок белем?

    57:7 эң бийик, көрүнүктүү тоого сен өзүңдүн жатчу жайыңды орнотосуң, ошол жакка курмандык чалыш үчүн чыгасың.

    57:8 үшиктин артына, ошондой эле кашектердин артына үстетүүчү белгилериңди коёсуң, анткени сен Менден бурулуп кеткенден кийин, жылаңачтанып, ошол жакка чыгасың. Жаткан жайыңды кеңейтесиң, ким менен жатканды жакшы көрсөң, ошолор менен макулдашып, орун караштырасың.

    57:9 Сен жыпар жыттуу май алып, падышага да баргансың, майларыңды көбөйткөнсүң, элчилериңди алыс жактарга жибергенсиң, өлгөндөр жаткан жайга чейин кемсингенсиң.

    57:10 өзүңдүн узак жолуңдан чарчагансың, бирок «Yмүт эзүлдү!» деген жоксуң, өз колуңдан күч таап тургансың, ошондуктан сен алсыраган жоксуң.

    57:11 Ишенимсиз болуп калгыдай, Мени эсиңерден чыгаргыдай, Мени жүрөгүңдө сактабай калгыдай, кимден коркуп, кимден эрөйүң учту? Мен унчукпай койгондон эмеспи? Көпкө унчукпай койгондон эмеспи? Сен Менден коркпойсуң!

    57:12 Мен сенин чындыгыңды жана иштериңди көрсөтөм. Алар сага пайда алып келбейт.

    57:13 Сен өкүргөндө, чогулткан буркандарың сени куткарабы? Алардын баарын шамал учуруп кетет, айдаган жел туш-тушка чачыратат. Ал эми Мага таянган адам жерди мурастап алып, Менин ыйык тоомо эү болот».

    Кудайдын сооротуусу

    57:14 Анан мындай деди: «Түздөгүлө, түздөгүлө, жолду бошоткула, Менин элимдин алдынан бөгөттү алып салгыла».

    57:15 Анткени Улуу, Даңкталган, Түбөлүк Жашоочу, Ысымы Ыйык мындай деп жатат: «Мен бийик асмандын үстүндө жана ыйык жайда жашайм, ошондой эле моюн сунгандардын рухун тирилтиш үчүн, кайгыргандардын жүрөгүн тирилтиш үчүн, кайгыргандар менен, руху менен моюн сунгандар менен бирге жашайм.

    57:16 Анткени Мен түбөлүккө талаш-тартыш жүргүзбөйм, акырына чейин каарданбайм, болбосо Менин алдымда Мен жараткан рух жана Мен жараткан ар бир тирүү жан алсырап калат.

    57:17 Анын дүнүйөкордук күнөөсү үчүн Мен каардандым, аны урдум, жүзүмдү жашырдым, ачууландым. Ал болсо бурулуп кетип, өз жүрөгүнүн жолу менен жүрдү.

    57:18 Мен анын жолдорун көрдүм, Мен аны айыктырам, Мен аны алып жүрөм, Мен аны жана анын кайгыргандарын сооротом.

    57:19 Мен “Тынчтык, алыскыларга да, жакынкыларга да тынчтык” деген сөзүмдү аткарам, – дейт Теңир. – Мен аны айыктырам».

    57:20 Мыйзамсыздар болсо алай-дүлөй болуп толкундаган, тынч ала албаган, суулары балыр менен баткакты бүркүп чыгарган деңиздей.

    57:21 «Мыйзамсыздарга тынчтык жок», – дейт менин Кудайым.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск