Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 61

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    61-БөЛЄМ

    Куткарылуу жөнүндөгү Жакшы Кабар

    61:1 Теңирдин руху Менде, анткени Теңир Мени жакырларга жакшы кабар таратууга майлады. Мени жүрөгү кайгыргандарды айыктырууга, туткундарга эркиндик жарыя кылууга, камактагыларга толук боштондук жарыя кылууга,

    61:2 Теңирдин ырайым кыла турган жылын жарыя кылууга, Кудайыбыздын өч алчу күнүн жарыя кылууга, кыйналгандардын бардыгын сооротууга,

    61:3 Сиондогу кайгыргандарга күл ордуна жасалга, ый ордуна кубаныч майын, кайгылуу рух ордуна даңктын кийими берилерин жарыя кылууга жиберди. Аларды адилеттүүлүгү менен улуу жана Теңир өзү даңкталыш үчүн отургузган көчөт деп аташат.

    61:4 Ошондо кылымдар бою жаткан урандыларды кайра курушат, байыркы урандыларды калыбына келтиришет, байыркы уруулардан калган, бүлүнүп-таланган шаарларды кайра курушат.

    61:5 Бөтөн жерликтер келип, силердин малыңарды багат, чет өлкөлүктөрдүн уулдары силердин дыйканыңар, жүзүмчүңөр болот.

    61:6 Силер болсо Теңирдин ыйык кызмат кылуучулары деп аталасыңар, силерди Кудайыбыздын кызматчылары деп аташат. Силер элдин энчисинен пайдаланасыңар, алардын атак-даңкы менен даңкталасыңар.

    61:7 Маскара болгонуңар үчүн, силерге эки эсе болот. Кордук көргөнүңөр үчүн, энчиңерге сүйүнөсүңөр, анткени өз жериңерде эки эсе аласыңар. Силерде түбөлүк кубаныч болот.

    61:8 «Анткени Мен, Теңир, акыйкаттыкты жакшы көрөм, талап-тоноочулук менен зордук-зомбулукту жек көрөм. Аларга чындык боюнча сыйлык берем, алар менен түбөлүк келишим түзөм.

    61:9 Ошондо алардын тукуму элдер арасында белгилүү болот, алардын укум-тукуму уруулардын арасында белгилүү болот. Аларды көргөндөрдүн баары алардын Теңирден бата алган тукум экенин таанып билишет».

    61:10 Теңир жөнүндө кубанам, Кудайым жөнүндө жаным кубанат. Анткени Ал мага куткаруу чапанын кийгизди, чындыктын кийимин кийинтти. Ал мага күйөөгө таажы кийгизгенсип таажы кийгизди, Ал мени колуктуну жасалгалар менен жасалгалагансып жасалгалады.

    61:11 Анткени жер өзүнүн өсүмдүктөрүн өстүрүп чыгаргандай, бак себилген уруктарды өндүргөндөй, Кудай-Теңир да бардык элдердин алдында акыйкаттык менен даңкты көрсөтөт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск