Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Исаия 60

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: GEN - BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    60-БөЛЄМ

    Иерусалимдин келечекте даңкталары жөнүндө

    60:1 «Тур, жаркыра, Иерусалим, анткени сенин жарыгың келди, Теңирдин даңкы сенин үстүңдөн чыкты!

    60:2 Анткени мына, жерди караңгылык, элдерди коюу караңгылык каптаганы жатат. Ал эми сенин үстүңдөн Теңир жаркырайт, Анын даңкы сенин үстүңө келет.

    60:3 Ошондо сенин жарыгыңа элдер келишет, сенин үстүңдөн чыгып келе жаткан жаркыроого падышалар келишет.

    60:4 Башыңды көтөрүп, айланаңды кара: алар бардыгы чогулуп, сага келе жатышат. Алыстан уулдарың келе жатат, кыздарыңды колдоруна салып көтөрүп келе жатышат.

    60:5 Ошондо көрүп кубанасың, жүрөгүң дүкүлдөп кеңейет, анткени деңиздин байлыгы сага бурулат, элдердин энчиси сага өтөт.

    60:6 Сенин жериңди көп сандаган төөлөр, Мидиан менен эйпанын наарлары каптайт. Алардын баары Шебадан алтын менен ладан жүктөп келип, Теңирдин даңкын жар салышат.

    60:7 Кейдардын бүт койлору сага чогулуп келет, Небайоттун кочкорлору сага кызмат кылат. Алар Менин курмандык чалынуучу жайыма Мага жаккан курмандык болуп чыгат, ошондо Мен өзүмдүн даңкымдын үйүн даңазалайм.

    60:8 Булуттардай учуп келе жатышкан булар кимдер? өздөрүнүн кептерканасына көгүчкөндөрдөй болуп учуп келе жатышкан булар кимдер?

    60:9 Чындыгында, Мени аралдар күтүп жатат, сенин уулдарыңды алыстан алтын-күмүшү менен кошо Кудай-Теңириңдин ысымы үчүн жана Ысрайылдын Ыйыгы үчүн алып келиш үчүн, алардын алдында Таршыш кемелери күтүп турат, анткени Ал сени даңктады.

    60:10 Ошондо чет жерликтердин уулдары сенин дубалдарыңды курушат, алардын падышалары сага кызмат кылышат, анткени Мен сени каарданып жатканымда кыйраткам, бирок сага өзүмдүн ырайымым менен ырайым кылам.

    60:11 Сенин дарбазаң дайыма ачык турат, элдердин байлыгы сага жеткирилип турушу үчүн, алардын падышалары сага алып келинип турушу үчүн, дарбазаң күнү-түнү жабылбайт.

    60:12 Анткени сага кызмат кылгысы келбеген элдер менен падышачылыктар кырылат, андай элдер таптакыр кырылат.

    60:13 Сага Лебанондун атак-даңкы келет, Менин ыйык жайымды жасалгалаш үчүн, кипарис, чынар, кедр дарактары келет. Ошондо Мен бутум турган жерди даңктайм.

    60:14 Сени эзгендердин уулдары баштарын ийип алдыңа келишет, сени жек көргөндөрдүн баары бут алдыңа жыгылышат. Сени Теңирдин шаары, Ысрайылдын Ыйыгынын Сиону деп аташат.

    60:15 Сен ташталып, жек көрүндү болгонсуң, сен аркылуу үч ким өтпөй калган, бирок Мен сени түбөлүккө улуу кылам, кылымдан кылымга кубанычка бөлөйм.

    60:16 Сен элдердин сүтүнө тоёсуң, падышалардын эмчегин эмесиң, ошондо сен Менин Теңир экенимди, сенин Куткаруучуң жана Сактап Калуучуң экенимди, Жакыптын Күчтүүсү экенимди билесиң.

    60:17 Мен сага жездин ордуна алтын, темирдин ордуна күмүш, жыгачтын ордуна жез, таштын ордуна темир жеткирип турам. Сенин башкаруучуңдун ордуна тынчтыкты, күзөтчүңдүн ордуна чындыкты коём.

    60:18 Мындан ары сенин жериңде зордук-зомбулук деген угулбайт, сенин аймагыңда кыйратуу, талап-тоноо деген угулбайт. Дубалдарыңды куткаруучум деп, дарбазаңды атак-даңкым деп атайсың.

    60:19 Мындан ары күн сага өзүнүн күндүзгү жарыгы менен кызмат кылбайт, айдын жарыгы жарык бербейт, бирок сенин түбөлүктүү жарыгың Теңир болот, сенин даңкың Кудай болот.

    60:20 Мындан ары күнүң батпайт, айың жашынбайт, анткени Теңир сен үчүн түбөлүк жарык болот. Сенин кайгылуу күндөрүң бүтөт.

    60:21 Сенин бүт элиң адил болот, Менин колумдан чыккан, Мен отургузган бутак Мени даңкташ үчүн, жерге түбөлүккө эү болот.

    60:22 Аздан миң, эң начардан күчтүү эл чыгат. Мен, Теңир, муну өз убагы келгенде тездетем».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск