Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иов 10

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    10-БөЛЄМ

    10:1 Жашоодон жададым. Арыз-муңумду төгөм. Жанымдын кыйналганынан сүйлөйм.

    10:2 Кудайга мындай деп айтам: “Айыптабачы мени. Айтчы мага, эмне үчүн мени менен күрөшүп жатасың?

    10:3 өз колуң менен жаратканыңды кыйнаганың, аны жек көргөнүң, ал эми мыйзамсыздардын ишине жарык бергениң Сен үчүн жакшыбы?

    10:4 Көзүң адамдыкындай көзбү? Сен адам карагандай карайсыңбы?

    10:5 өмүрүң адамдын өмүрүндөйбү, жашың эркек кишинин жашындайбы?

    10:6 үмнеге менден айып издеп жатасың? эмнеге менин күнөөмдү изилдеп жатасың?

    10:7 Менин мыйзамсыз эмес экенимди, Сенин колуңдан мени үч ким куткара албастыгын билесиң да.

    10:8 Мени өз колуң менен жасадың эле, мени бүт бойдон өзүң жараттың эле, эми мени өзүң жок кыласыңбы?

    10:9 үстечи, Сен мени топурактан жасабадың беле? эми мени күлгө айлантканы турасыңбы?

    10:10 Мени сүт сыяктуу куюп, быштак сыяктуу уюткан Сен эмес белең?

    10:11 Мага тери менен эт чаптап, мени сөөк жана тарамыш менен бекиткенсиң.

    10:12 Мага өмүр жана ырайым бербедиң беле, менин рухумду Сенин камкордугуң сактабады беле?

    10:13 Бирок муну да Сен өз жүрөгүңө жашырып койдуң, Сенин оюңда бул бар экенин билем,

    10:14 үгерде мен күнөө кылсам, Сен байкап каласың, күнөөмдү жазасыз калтырбайсың.

    10:15 үгерде мен айыптуу болсом, мага кайгы! Ак болгон күндө да, башымды көтөргөнгө батына албайм. Мен кордукка тойдум, менин кыйынчылыгыма көңүл бур.

    10:16 Азабым арбып баратат. Сен менин артымдан арстандай кубалап келип, мага кайрадан кол саласың, кудуретиңди көрсөтөсүң.

    10:17 Мага каршы улам жаңы күбөлөрүңдү коюп жатасың. Каарыңды күчөтүп жатасың. Мени кырсык үстүнөн кырсык басып жатат.

    10:18 Сен мени эмнеге энемдин ичинен алып чыктың? Көз көрө электе эле өлүп калганым артык эмес беле?

    10:19 Мен жарык дүйнөгө келбей эле койсом эмне, энемдин ичинен чыкканда эле көргө коюлсам эмне!

    10:20 Менин өмүрүм кыска эмеспи? Мени жайыма кой, менден четтеп кет.

    10:21 Караңгылык менен өлүм сөлөкөтү өкүм сүргөн өлкөгө келбес болуп кеткенге чейин,

    10:22 баш аламан, жарыгы да караңгы, караңгылыгы өлүм сөлөкөтүнүн караңгылыгындай болгон караңгы өлкөгө кеткенге чейин, бир аз көңүлүмдү көтөрүп алайын”».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск