Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иов 35

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    35-БөЛЄМ

    35:1 үлийу сөзүн мындай деп улантты:

    35:2 «Сен: “Мен Кудайдан да адилмин”, – деген сөзүңдү туура деп эсептейсиңби?

    35:3 Сен: “Мага эмне пайда? Мен күнөө кылбаган күндө да, андан кандай киреше алмакмын?” – дедиң.

    35:4 Мен сага жана сенин досторуңа жооп берейин:

    35:5 Асманга көз чаптырып кара. Булуттарды кара, алар сенден бийик турат.

    35:6 үгер сен күнөө кылсаң, Ага эмне кыла аласың? эгер сенин кылмышың көбөйүп кетсе, Ага кандай зыян келтире аласың?

    35:7 үгерде сен адилет болсоң, анда Ага эмне бересиң? Же Ал сенин колуңдан эмне алмак?

    35:8 Сенин адилетсиздигиң сага окшогон адамга тиешелүү, сенин адилеттигиң адам баласына тиешелүү.

    35:9 үзүүчүлөр көп болсо, эзилгендер онтошот, күчтүүлөрдүн колунан ыйлашат.

    35:10 Бирок бир да киши: “Менин Кудайым, Жаратуучум кайда, түнкүсүн ыр берген Теңир кайда?

    35:11 Жер үстүндөгү айбандарга караганда бизге көбүрөөк эйрөткөн, асмандагы куштарга караганда бизге көбүрөөк акыл-үс берген Теңир кайда?” – деп айтпайт.

    35:12 Ал жерде алар боздоп жатышат, бирок Ал жаман кишилердин текебердүүлүгүнөн аларга жооп бербей жатат.

    35:13 Бирок Кудай укпайт, кудуреттүү Кудай муну көрбөйт деген туура эмес.

    35:14 Аны көрбөй жатамын десең да, Анын алдында сот болот, ошон үчүн аны күт.

    35:15 Бирок азыр ага Кудайдын каары тие элек, ошондуктан ал аны толук биле элек.

    35:16 Ошондуктан Аюб жеңил ойлуулук менен сүйлөп жатат, сөзүн текке кетирип жатат».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск