Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иона 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Жунустун сыйынуусу

    2:1 Теңир бир чоң балыкка Жунусту жутуп алууну буйрук кылды. Жунус ал чоң балыктын ичинде үч күн, үч түн болду.

    2:2 Жунус чоң балыктын ичинен өз Кудай-Теңирине сыйынды.

    2:3 Ал мындай деди: «Кайгы тартканымда, Теңирди чакырдым, ошондо Ал мага жооп берди. Мен өлгөндөр жаткан жайдын ичинен ыйладым, ошондо Сен менин үнүмдү уктуң.

    2:4 Сен мени деңиздин тереңине, деңиздин ортосуна ыргыттың, мени суу курчады, Сенин бүт иримдериң менен толкундарың менин үстүмдөн өттү.

    2:5 Ошондо мен: “Сенин көз алдыңдан четке кагылдым, бирок Сенин ыйык үйүңдү мен кайрадан көрөм”, – дедим.

    2:6 Мени суу курчап, жаныма коркунуч туулду, мени туңгуюк кучагына алды, башыма деңиз чөптөрү оролду.

    2:7 Мен тоолордун түбүнө чейин түштүм, жер мени өзүнүн кулпулары менен түбөлүккө бекитти. Бирок, Сен, менин Кудай-Теңирим, менин жанымды өлгөндөр жаткан жайдан алып чыктың.

    2:8 Жаным алсырап калганда, Теңирди үстедим, менин сыйынуум Сага, Сенин ыйык ийбадатканаңа жетти.

    2:9 үч нерсеге арзыбаган жалган кудайларды урматтагандар өздөрүнүн боорукер Кудайын таштап коюшту.

    2:10 Мен болсо Сага ыраазычылык билдирип, ооз курмандыгын алып келем. эмнени убада кылсам, аткарам. Куткарылуу Теңирде!»

    2:11 Ошондо Теңир чоң балыкка буйрук кылды, ал Жунусту кургактыкка бүркүп чыгарды.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск