Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Иона 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    Жунустун чакырылышы жана качышы

    1:1 Амитай уулу Жунуска Теңирден мындай сөз болду:

    1:2 «Тур, улуу шаар Нинебиге барып, ошол шаар жөнүндө пайгамбарчылык кыл, анткени анын мыйзамсыз иштери Мага жетти».

    1:3 Ошондо Жунус Теңирдин жүзүнөн Таршышка качып кетмекчи болду. Ал туруп, Жапага келди да, Таршышка жөнөп жаткан бир кемени таап, жол акысын төлөдү. Теңирдин жүзүнөн качып, Таршышка алар менен бирге кетиш үчүн, кемеге түштү.

    1:4 Бирок Теңир деңизге катуу шамал жөнөттү, ошондо деңизде катуу бороон башталып, кеме талкалана турган болду.

    1:5 Кеме айдоочулардын эрөйү учуп, ар ким өз кудайын чакырды. Анан алар кемени жеңилдетиш үчүн, андагы жүктү деңизге ыргыта башташты. Жунус болсо кеменин ылдый жагына түшүп, жатып уктап калган эле.

    1:6 Ошондо кеме башчысы ага келип: «Сен эмне уктап жатасың? Тур, өз Кудайыңды чакыр, балким, Кудай бизди эске алып, өлбөй каларбыз», – деди.

    1:7 Анан алар бири-бирине: «Жүргүлө, өкчөмө таш ыргытып, кимдин айынан ушул кырсыкка кабылып жатканыбызды билели», – дешти. өкчөмө таш ыргытышты, ал Жунуска түштү.

    1:8 Ошондо андан: «Айтчы, бул кырсыкка кимдин айынан кабылдык? эмне иш кыласың? Кайдан келе жатасың? Кайсы өлкөдөнсүң? Кайсы элденсиң?» – деп сурашты.

    1:9 Жунус аларга: «Мен эвреймин, деңизди жана кургактыкты жараткан асмандагы Кудай-Теңирден корком», – деп жооп берди.

    1:10 Жунустун айтып бергенинен улам, алар анын Теңирдин жүзүнөн качып бара жатканын билишти. Ошондо алардын эрөйү учуп, ага: «үмне үчүн мындай кылдың?» – дешти.

    1:11 Анан алар андан: «Деңиз тынчыш үчүн, биз сени эмне кылышыбыз керек?» – деп сурашты. Анткени толкун күчөп бара жаткан эле.

    1:12 Жунус аларга мындай деди: «Мени алып, деңизге ыргыткыла. Ошондо деңиз тынчыйт, анткени бул катуу бороон менин айымдан болуп жатканын билем».

    1:13 Бирок ал адамдар кургактыкка жетиш үчүн, бардык күчү менен калак шилтей башташты, бирок жете алышкан жок, анткени деңизде аларга каршы толкун күчөдү.

    1:14 Ошондо алар Теңирди чакырып: «Оо Теңир, Сенден суранабыз, бул адамдын жаны үчүн биз кырылып калбасак экен, жазыксыз канды мойнубузга сала көрбө, анткени Сен, Теңир, өзүңө эмне жакса, ошону кылдың!» – дешти.

    1:15 Анан Жунусту алып, деңизге ыргытышты. Ошондо деңиздеги толкун басылды.

    1:16 Ошондо бул адамдар Теңирден абдан коркуп калышты. Теңирге курмандык чалышты жана убадаларды беришти.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск