Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Авдий 1

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC - DAVIS   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    1-БөЛЄМ

    үдомдун талкаланары жөнүндө

    1:1 Обадия көргөн көрүнүш. Кудай-Теңир эдом тууралуу мындай дейт: Биз Теңирден кабар уктук, «Тургула, эдомго каршы согушка чыгабыз!» деп жарыялаш үчүн, элдердин арасына элчи жөнөтүлдү.

    1:2 «Мына, Мен сени элдердин арасында кичине эл кылдым, сен абдан жек көрүндү болдуң.

    1:3 Аскалардын жаракаларында жашаган, отурукташкан жери бийик жер болгон, жүрөгүндө: “Ким мени жерге кулатып түшүрөт?” – деген сени өзүңдүн жүрөгүңдүн текебердиги алдады.

    1:4 Сен бүркүттөй болуп бийик көтөрүлүп, өз уяңды жылдыздардын арасына салсаң да, Мен сени ошол жерден да кулатып түшүрөм, – дейт Теңир.

    1:5 Сен ушунча кыйрагыдай, сага уурулар, түнкү каракчылар кирдиби? Бирок алар өздөрүнө канча керек болсо, ошончо гана уурдашмак да. эгерде сага жүзүм терип кетүүчүлөр киришсе, анда алар анча-мынча мөмө калтырышмак да.

    1:6 эйсаптын бардык нерсеси кандай тонолду, анын жашыруун казыналары кандай аңтарылды!

    1:7 Сени менен келишим түзгөндөр сени чек арага чейин узатып барышты, сени менен тынчтыкта болгондор сени алдап, багынтып алышты, сенин наныңды жегендер сага тузак коюшту. Сенин акылың жок!

    1:8 Мен ошол күнү эдомдогу даанышман адамдарды, эйсап тоосундагы акылдуу адамдарды кырам, – дейт Теңир.

    1:9 Тейман, сенин эр жүрөк адамдарыңдын эрөйү учат, эйсап тоосундагы адамдардын баары салгылашта кырылат.

    үйсаптын жазаланышынын себептери

    1:10 өз бир тууганың Жакыпка кысым көрсөткөнүң үчүн уятка каласың, тукум курут болосуң.

    1:11 Сен четте турган күнү, жат жерликтер анын аскерлерин туткундап кеткен күнү, бөтөн элдер анын дарбазасынан кирип, Иерусалим үчүн өкчөмө таш ыргыткан күнү сен да ошолордун бири сыяктуу болдуң.

    1:12 Бир тууганыңды башына алаамат түшкөн күнү, кыйраган күнү табалап карап турбасаң болот эле. Жүйүт уулдары кырылып жаткан күнү кубанбасаң болот эле, алардын башына алаамат түшкөн күнү оозуңду чоң ачпасаң болот эле.

    1:13 Башына алаамат түшкөн күнү Менин элимдин дарбазасына кирбесең болот эле, анын башына алаамат түшкөн күнү кыйраганын карап турбасаң болот эле, башына алаамат түшкөн күнү анын мүлкүнө тийбесең болот эле.

    1:14 Анын качкындарын өлтүрүш үчүн, жолдордун кесилишинде аңдып турбасаң болот эле. Алаамат күнүндө анын аман калгандарын душмандын колуна салып бербесең болот эле.

    Бардык элдердин соттолору жөнүндө

    1:15 Анткени бүт элдерге Теңирдин күнү жакын: сен кандай кылсаң, сага да ошондой кылынат. Сенин кылган ишиң өз башыңа тиет.

    1:16 Анткени силер Менин ыйык тоомдо каар чөйчөгүнөн ичкениңердей эле, бардык элдер да андан дайыма ичишет. Алар ичишет, жутушат, ошондо алар жер үстүндө такыр болбогондой болушат.

    Сион тоосунда эдомдун куткарылышы

    1:17 Ал эми Сион тоосунда куткарылуу болот, ал ыйык жай болот. Жакып өз мурасына эү болот.

    1:18 Жакып от, Жусуп жалын, ал эми эйсап саман болот: аны өрттөп жок кылышат, ошентип, эйсаптын элинен үч ким калбайт, анткени муну Теңир айтты.

    1:19 Түштүктө жашагандар эйсап тоосун эүлеп алышат, ал эми өрөөндө жашагандар Пелишти жерин эүлеп алышат. Алар эпрайым талааларын, Самария талааларын эүлеп алышат, Бенжемин Гилатты эүлеп алат.

    1:20 Канаандыктардын арасында жашап жаткан Ысрайыл уулдарынын туткундагы аскерлери Сарепатка чейин эүлеп алышат, ал эми Сепаратта жашап жаткан Иерусалимден туткундалып кеткендер түштүк шаарларын эүлеп алышат.

    1:21 Ошентип, эйсап тоосун соттош үчүн, Сион тоосуна куткаруучулар чыгышат, ошондо падышачылык Теңирге таандык болот».

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск