Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Наум 2

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR - MISC   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    2-БөЛЄМ

    Нинеби жөнүндөгү пайгамбарчылык

    2:1 Сага каршы кыйратуучу көтөрүлдү: чептериңди кайтар, жолуңду сакта, белиңди бек буу, күчүңдү жыйна.

    2:2 Анткени Теңир Жакыптын даңкын Ысрайылдын даңкындай кылып калыбына келтирет, анткени кыйратуучулар аларды кыйратышты, алардын жүзүм сабактарын талкалашты.

    2:3 Анын баатырларынын калканы кызыл, анын жоокерлери кочкул кызыл кийим кийишкен. Салгылашка даярдануу күнүндө майдан арабалары оттой жаркырайт, найзалары калың чердей кылкылдайт.

    2:4 Майдан арабалары көчөлөрдө зуулдайт, аянттарда дүңгүрөйт. Алар шаманадай жаркырайт, чагылгандай жаркылдайт.

    2:5 Ал өзүнүн кайраттууларын чакырып жатат, бирок алар басып баратып мүдүрүлүп жатышат. Алар шаардын дубалдарына шашылып жатышат, бирок курчоо коюлуп калган.

    2:6 Дарыялардын дарбазалары ачылды, падыша сарайы кулап калды.

    2:7 Чечилди: аны жылаңачтап, туткундап кетишет, анын күңдөрү төшүн койгулап, көгүчкөндөрдөй онтошот.

    2:8 Байыртадан бери Нинеби сууга толгон көлмөгө окшош. Алар болсо качып бара жатышат. «Токтогула! Токтогула!» – деп кыйкырып жатышат. Бирок үч ким кылчайган жок.

    2:9 Алтын-күмүштөрдү ташып кеткиле! Топтолгон ар кандай кымбат баалуу буюмдарга сан жетпейт.

    2:10 Ал таланып-тонолду, эүн калды жана кыйратылды, ошондуктан жүрөк өлүп, тизелер титиреп жатат. Бардыгынын бели катуу ооруп жатат, бардыгынын өңү карарып кетти.

    2:11 Арстандардын үңкүрү, арстан күчүктөрүнүн жүргөн жери азыр кайда? Ал жерде эркек арстан, ургаачы арстан, күчүк арстан жүрөр эле, аларды үч ким коркутчу эмес.

    2:12 Күчүктөрүн тойгузуш үчүн, башкаларды тыткылап өлтүргөн, ургаачы арстандары үчүн башкаларды муунтуп өлтүргөн, өз үңкүрүн олжого, өз ийинин талап-тоноп алган нерсесине толтурган арстан кайда?

    2:13 «Мен сага каршымын, – дейт Себайот Теңир, – сенин майдан арабаларыңды түтөтүп өрттөйм, сенин арстан күчүктөрүңдү кылыч жалмайт, олжоңду жер бетинен жок кылам, ошондон кийин сенин элчилериңдин үнү угулбайт.

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск