Bad Advertisement?

News / Reviews:
  • World News
  • Movie Reviews
  • Book Search

    Are you a Christian?

    Online Store:
  • Visit Our eBay Store



  • Ыйык Китеп - Наум 3

    ПРЕДЫДУЩАЯ ГЛАВА - СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - FONTS - ПОМОЩЬ


    TEXT: BIB   |   AUDIO: MISLR   |   VIDEO: BIB - COMM

    HELPS: РУС - UKR - BULG - POL - ROM - РУС-82 - KYR - BKR - GRK / HEB - CROAT - РУС-DARBY - РУС-GEN - РУС-LOP - РУС-MAC - РУС-SIR - РУС-TSK

    3-БөЛЄМ

    Нинебинин талкаланышынын себептери

    3:1 Канкор шаарга кайгы! Ал бүт бойдон алдамчылыкка жана киши өлтүрүүгө толгон. Анын ичинде талап-тоноочулук токтобой жатат.

    3:2 Камчынын үнү, чимирилген дөңгөлөктөрдүн калдырттаганы, аттын азынаганы жана катуу келе жаткан майдан арабанын дүңгүрөгү угулат.

    3:3 Атчан зымырайт, кылыч жалаңдайт, найза жаркылдайт. өлтүрүлгөндөр өтө көп, өлүктөр үстү-үстүнө үйүлүп жатат; өлүктөргө сан жетпейт, аларга мүдүрүлүп жатышат.

    3:4 Бул чебер сыйкырчылык кылган, сырты жагымдуу бузулган аялдын көп бузуку иштери үчүн болду, ал өзүнүн бузуку иштери менен элдерди, сыйкырчылыгы менен урууларды сатат.

    3:5 Мен сага каршымын, – дейт Себайот Теңир, – кийимиңдин этегин бетиңе чейин көтөрүп, элдерге жылаңач этиңди көрсөтөм, падышачылыктарга абийириңди ачам.

    3:6 Анан сенин үстүңө жийиркеничтүү нерселерди эйөм, сени жек көрүндү кылам, сени маскара кылам.

    3:7 Ошондо сени көргөндөрдүн баары сенден качып: Нинеби талкаланды! Аны ким аяйт? Сени сооротуучуларды кайдан табам? – дешет.

    3:8 Сен дарыялардын ортосунда жайгашкан, суулар менен курчалган, чеби деңиз болгон, деңиз ага дубал болгон Но-Амон шаарынан артыксыңбы?

    3:9 үфиопия менен Мисир анын күчү эле. Пут менен Либия ага жардамга келип турушкан.

    3:10 Бирок ал да көчүрүлүп кетти, туткундалып кетти. Атүгүл, анын наристелери да бардык көчөлөрдүн кесилиштеринде өлүп жатышат, анын атактуулары жөнүндө өкчөмө таш ыргытышты, анын бардык төрөлөрү чынжыр менен кишенделди.

    3:11 Сен да мас болосуң, жашынасың, сен да душманыңдан качып, баш паана издейсиң.

    3:12 Сенин бардык сепил-чептериң мөмөсү бышкан анжырга окшош. эгерде аларды күбүсө, алар түз эле жегиси келгендин оозуна түшөт.

    3:13 Сенин элиң өзүңдөгү аялдарга окшош. Жериңдин дарбазалары душмандарыңа аңырая ачылат, кулпуларыңды от жалмайт.

    3:14 Курчоо убагына чейин суу ташып ал. Сепил-чептериңди бекемде. Ылайга кирип, баткак тебеле, кыш бышыра турган мешиңди оңдо.

    3:15 Ошол жерде сени от жалмайт, кылыч кыя чабат. Сен кырк аяктай көбөйсөң да, чегирткедей жайнасаң да, сени кырк аяктай жейт.

    3:16 Көпөстөрүңдү асмандагы жылдыздардан да көп кылдың. Бирок бул чегиртке туш-тушка учуп кетет.

    3:17 Сенин төрөлөрүң чегирткелердей, аскер башчыларың чиркейлердин уюгундай, алар суукта дубалдардын кычыктарына уялашат, күн чыкканда, туш-тушка учуп кетишет, алардын орду кайда экенин билбей каласың.

    3:18 Ашур падышасы, сенин койчуларың уктап жатышат, төрөлөрүң эс алып жатышат. Сенин элиң тоолорго чачырап кетти, аларды чогултар үч ким жок.

    3:19 Сенин жараатыңа даба жок, жараатың оор. Сен тууралуу кабар уккандардын бардыгы кол чабышат, анткени сенин тыйылбаган кыянаттыгың кимге гана багытталган жок?!»

    СЛЕДУЮЩАЯ ГЛАВА - ИНДЕКС БИБЛИИ И ПОИСК

    God Rules.NET
    Ищите 100 + объемы книг в одно время. Русская Библия Поиск Украинская Библия Поиск Болгарская Библия Поиск